2025-01-11
Түрмөк
Казакстан Кыргызстанга 25 миң доза «QazVac» вакцинасын берет
Казакстанда өндүрүлгөн «QazVac» вакцинасынын 25 миң дозасы Кыргызстанга алып келинет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
«QazVac» вакцинасы Казакстандын Билим берүү жана илим министрлигинин Биологиялык коопсуздук көйгөйлөрү илим-изилдөө институту тарабынан иштелип чыкан. 2021-жылдын башынан тарта эмдөө үчүн кеңири колдонулуп келе жатат.
Клиникалык изилдөөлөр жана аны Казакстанда кеңири колдонуу практикасы QazVac вакцинасынын коопсуздугун, коронавирустук инфекциянын жана анын оор формаларынын алдын алууда жогорку натыйжалуулугун көрсөткөн. “QazVac” вакцинасы 18 жаштан жогору адамдарга сунушталат жана булчуңга эки этапта жүргүзүлөт, алардын аралыгы 21 күн.
Кыргызстандыктар учурда Кытайда өндүрүлгөн Sinopharm, Орусия өндүрүшүндөгү Спутник V, Европа өндүрүшүндөгү AstraZeneca вациналарын алууда.
Марал