2025-01-11
Түрмөк
Айбек Осмонов: Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!
БШК "Биздин Кыргызстандын" Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодогу жыйынтыктарын жокко чыгарды.
Бул чечимди аталган партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов сынга алып, "Бизди тандаган элдин добушун тебелеген туура эмес!….Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыгыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин: Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!!!" деп, жазды.
Айбек Осмоновдун кайрылуусу:
Кыргыз Республикасынын мыйзамы жеке эле “Биздин Кыргызстан” партиясына гана иштейби? Бул кандай адилетсиздик! Эмне үчүн далилсиз эле мындай кадамга барышат? Өткөндө ушул боюнча билдирүү жазган элем…Эми калайык калкка деле кашкайып чындык көрүнүп турбайбы! Бул эмне деген шумдук?! Бизди тандаган элдин добушун тебелеген туура эмес!….Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыгыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин: Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!!!