2025-01-11
Түрмөк
ОШ ШК: БШК "Биздин Кыргызстандын" жыйынтыгын жокко чыгарды
БШК "Биздин Кыргызстандын" Ош шаардык кеңешине кайра шайлоодогу жыйынтыктарын жокко чыгарды. Бул тууралуу аталган партиянын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов билдирди.
Ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасы аркылуу: "Урматтуу мекендештер! Ош шаарында өткөн шайлоодогу жакшы жыйынтыгыбызды БШК жокко чыгарды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамы жеке эле “Биздин Кыргызстан” партиясына гана иштейби? Бул кандай адилетсиздик! Эмне үчүн далилсиз эле мындай кадамга барышат? Өткөндө ушул боюнча билдирүү жазган элем…Эми калайык калкка деле кашкайып чындык көрүнүп турбайбы! Бул эмне деген шумдук?! Бизди тандаган элдин добушун тебелеген туура эмес!….Эми биз сотко кайрылууга мажбурбуз. Эгер биз мыйзамдуу өлкөдө жашап жаткандыгыбыз анык болсо, адилеттүү чечим чыгарып берет деп ишенем! Дагы кайталап кетейин:Мыйзам баарыбызга бирдей иштесин!!!" деп, жазды.
Эскерте кетсек, 11-июлда өткөн жергиликтүү кайра шайлоодо Биздин Кыргызстан партиясы да катышкан. Партия дээрлик 32,2% добуш алып, 16 мандатка ээ болгон. Бишкек шаардык кеңешине да катышып, бирок 7 пайыздык босогону аша алган эмес.