AUCA the best 2

2025-11-05

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Акыйкатчы: Эмдөө мажбурлоосуз, эркин жүрүшү керек

Акыйкатчы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин коронавируска каршы эмдөөнү мажбурлоо же коркутуу менен жүргүзүүдөн алыс болууга чакырды. Омбудсмен институту тараткан маалыматка караганда, вакцинаны милдеттүү түрдө алууга мажбурлап жатышканы тууралуу арыз-дооматтар укук коргоо уюмунун "115 шыр байланыш" кызматына келип түшүүдө. Кайрылгандардын көпчүлүгү жетекчилик эмделбегендерди иштен кетирүү же айлык акысын азайтуу менен коркутуп жатканын билдиришкен.

567761b9d8.jpg

Акыйкатчы институту учурда кайрылуулар иликтенип жатканын маалымдап, эгер мажбурлоо фактылары аныкталса, андай жетекчилер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Ошол эле учурда, вакцина алуу - адамдардын коопсуздугу үчүн жалпы дүйнөнүн бирдиктүү саясаты, максаты жана элдин саламаттыгына кам көрүү экенин белгилеген.

"Ар бир адам өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын ден соолугунун коопсуздугун, ошондой эле айланасындагы адамдардын бул коркунучтуу илдетти жуктуруп алуу коркунучун ойлоп, илдетке каршы вакцина алуусу - туура кадам. Бирок жарандар эмдөөдөн мажбурланып эмес, оз ыктыяры менен өтүүсү үчүн үгүт иштерин жүргүзүү, такталган расмий маалыматтарды жайылтуу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жагын уюштуруу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталат" деп жазылган билдирүүдө.

Акыйкатчы эмдөө процесси мажбурлоо мүнөзүндө болуп жатса, ага укук коргоо органдары тиешелүү баа берүүсү зарыл деп эсептейт.

Коронавируска каршы эмдөөдөн милдеттүү түрдө өтүүгө мажбурлоо болуп жатканы тууралуу нааразылыктар соцтармактарда да жазылууда.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-марттан тарта башталган. Бул аралыкта 202 302 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 100 миңге чукул адам 2-дозасын алышты. Эмдөөлөр негизинен Sinopharm жана Sputnik-V вакциналары менен жүрүүдө. Акыркы убактарда өз каалоосу менен вакцина алууну көздөгөн элдин саны өсүп, медициналык мекемелерде кезек күткөндөр көбөйгөн. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жергиликтүү бийлик менен чогуу эл көп чогулган жерлерде - соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрүн ачууда.

Дүйнөлүк саламаттык уюму коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн эмдөө зарылдыгын эскертип келет. 

Azattyk

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2