2025-01-11
Түрмөк
Aкыркы суткада 1373 адамдан COVID-19 табылып, 10 бейтап каза болду
Кыргызстанда 18-июлга карата коронавирус дагы 1 миң 373 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 832, Ош шаарында – 45, Чүй облусунда – 163, Ош облусунда – 57, Талас облусунда – 25, Нарын облусунда – 23, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 57, Баткен облусунда – 119 адамдан илдет табылган.
"Ал эми бир суткада 1 миң 103 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 653, Ош шаарында – 34, Чүй облусунда – 142, Ош облусунда – 53, Талас облусунда – 10, Нарын облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 100, Баткен облусунда – 77 бейтап айыгып чыкты", - деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Чүй облусунда 6, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл 2 бейтап каза болгон.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 725 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 753 адам дарыланууда.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча 43 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 166 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 5 миң 373 медкызматкер айыгып чыкты.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 149 миң 29 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 125 миң 161 киши айыгып чыкса, 2 миң 175 адам каза болду.