2025-01-11
Түрмөк
Чыңгыз Макешов: "Кыргызстанда кыска арада дары-дармектерди чыгаруучу ишкана бар"
Бүгүн, 14-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары “Кыргыз Республикасы менен ЭӨАнын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы (Өзгөчө кырдаал боюнча COVID-19 долбоору) макулдашуу-катын ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карашты.
Талкуунун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Ч.Макешов мындан 7 жыл мурун Кыргызстанда өзүнүн өндүрүштүк базасы бар, жүрөк-кан тамыр ооруларына жана онкологиялык ооруларга каршы дары-дармектерди өндүрүүнү камсыз кылууга жөндөмдүү “Ипар Фарм” ЖЧК компаниясы ачылгандыгын, бирок, ушул убакыт аралыгында бюрократия жана соттук териштирүүлөрдөн улам, дары чыгаруучу компания токтоп тургандыгын баса белгиледи.
Ушундан улам, Ч.Макешов ишкананы ишке киргизүүгө тоскоол болуп жаткан жагдайларды иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү, ошондой эле аны ишке киргизүүнү тездетүү чараларын көрүүнү сунуштады.