2024-11-01
Түрмөк
Токио олимпиадасына катыша турган Кыргыз курамасынын курамы
Токиодогу Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасынын акыркы курамы белгилүү болду.
Ага спорттун 7 түрү боюнча 16 спортчу кирди.
Жөө күлүк Юлия Андреева дагы Токиодогу Олимпиада оюндарына жолдомо утуп алды, бирок андан кийин Япониядагы оюндарга катышуудан баш тартты.
Токиодогу Олимпиада оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасынын курамы
Күрөш
Грек-рим күрөшү
60 кг чейин - Жоламан Шаршенбеков
77 кг чейин - Акжол Махмудов
87 кг чейин - Атабек Азисбеков
97 кг чейин - Узур Джузупбеков
Эркин күрөш, эркектер
65 кг чейин - Эрназар Акматалиев
125 кг чейин - Айаал Лазарев
Эркин күрөш, аялдар
62 кг чейин - Айсулуу Тыныбекова
68 кг чейин - Мээрим Жуманазарова
76 кг чейин - Айпери Медет кызы
Дзюдо
81 кг чейин - Владимир Золоев
Оор атлетика
94 кг чейин - Бакдолот Расылбеков
Жеңил атлетика
Дария Маслова, марафон
Нурсултан Кеңешбеков, 5000 метр
Фехтование
Роман Петров
Ок атуу
Каныкей Кубанычбекова
Сууда сүзүү
Денис Петрашов