AUCA the best 2

2024-05-17

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргыз жаштары Түркстандагы эл аралык саммитке катышууда

Кыргыз Республикасынын жаштар өкүлдөрү Казахстандын Түркстан шаарында өтүп жаткан «Түркстан – түрк ааламынын бешиги» аттуу эл аралык түрк тилдүү мамлекеттердин жаштар саммитине катышууда. Аталган саммитке Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Россия Федерациясынан Башкортостан, Татарстан республикаларынан ошондой эле Казакстандан жаш лидерлери чогулушкан. Бул тууралуу Мамлекеттик жаштар агенттиги жазды.

982282973447646_n.jpg

Казакстан Республикасынын маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги уюштурган пленардык жыйынга Казакстан Республикасы Парламенти Сенатынын төрагасы Маулен Сагатханулы Ашимбаев, Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Галымкызы Балаева,  Түрк тилдүү элдердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПа) башкы катчысы Алтынбек Мамаюсупов, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раев, Эл аралык Түрк академиясынын президенти Даркан Кыдырали баштаган уюштуруучулар онлайн форматта катышышты.

Эскерте кетсек бул иш-чара Казахстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлигинин уюштуруусу жана Эл аралык түрк академиясынын колдоосу менен өтүп жатат.

Саммиттин пленардык жыйынына, Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен - жаштар саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Айза Иманкулова, жаштар өкүлдөрүнүн атынан Кыргыз Республикасынын президенттик стипендиясынын ээси, Түркия Өкмөтүнүн «Türkiye Bursları» стипендиялык программасынын стипендиаты, Анкарадагы Гази Универсиететинин бүтүрүүчүсү, KEREEZ маалымат-аналитикалык журналынын жана kereez.kg сайтынын жооптуу редактору, жарандык активист Мырзахит Мырзаев, ошондой эле пластикалык микрохирург, Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, КМШ өлкөлөрүнүн арасында өткөн старт ап долбоорлор жарышынын жана «Start up Kyrgyzstan» улуттук старт ап долбоорлор жарышынын жеңүүчүсү, «Genesis Bionics» долбоорунун негиздөөчүсү, жыл сайын өтүүчү «National Medicine Awards Kyrgyzstan» сыйлыгынын негиздөөчүлөрүнүн бири, БУУнун Калифорниядагы туруктуу өнүгүү максаттарынын элчиси Адилет Токтогулов сөз сүйлөштү.

Манасчы, жаш талант Азиз Биймырза уулу манас эпосунан узүндү айтып, кыргыз маданиятын түрк дүйнөсүнөн келген өкүлдөр арасында даңазалап өттү.

Пленардык жыйындын соңунда Жаштар Парламентинин координатору Назгүл Жолдошова жана Кыргызстан элдер ассамблеясынын жаштар канатынын төрагасы Нурсултан Бейшебаев түрк тилдүү мамлекеттерден келген жаштар уюмдарынын жетекчилери менен эки тараптуу кызматташтык боюнча меморандумдарга кол коюшту.

Кыргызстандын атынан жалпысынан 12 киши катышууда.

Алар:

  1. Айза Иманкулова - Мамагентиктин жаштар саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси. Кыргыз делегациясынын башчысы;
  1. Мырзахит Мырзаев – жарандык активист. KEREEZ маалымат-аналитикалык журналынын жана kg сайтынын жооптуу редактору;
  1. Адилет Токтогулов – платикалык микрохирург. Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты;
  1. Азиз Биймырза уулу – манасчы. Маданияттын мыкты кызматкери. КТРКнын Манас таануу таймашынын алып баруучусу. Чыңгыз Айтматов атындагы КУОДТнын артисти.
  1. Назгуль Жолдошова – «Жарандык идеялар фондунун» жетекчиси, Жаштар Парламентинин координатору;
  1. Эрлан Смайыл уулу – «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун жетекчиси;
  1. Урмат Майрамбек уулу – Медиа жана жаштар саясаты боюнча эксперт;
  1. Айжаңыл Тургунбекова – Кыргыз Республикасынын Мектеп лигасынын өкүлү.
  1. Нуриет Абдулазиз – «Элистан» балалык борборунун мүдүрү. Ошондой эле ислам жана түрк дүйнөсүнүн тарыхын чагылдырган  «Телескоп» ютуб каналынын негиздөөчүсү жана изилдөөчүсү;
  1. Бекжан Асанбеков – Enactus Kyrgyzstan уюмунун өкүлү. Enactus КМЮУ командасынын капитаны;
  1. Нурсултан Бейшебаев – Кыргызстан элдер ассамблеясынын жаштар канатынын төрагасы;
  1. Амантур Шамшибеков – Токмок шаарынын жаштар кеңешинин мүчөсү «Мен Токмоктун Ыктыярчысмын» ыктыярчылар ассоциациясынын лидери.

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2