2025-01-11
Түрмөк
Назар Муратов: Президенттин чакан ГЭСтерге көңүл бурганы үмүт берет
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергиясын сатып алуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Өлкө башчысы бул тармактагы көйгөйлөрдү 2 күндүн ичинде чечүүнү талап кылды.
Жеке ишкер, "Ак-Буура Групп" ЖЧКнын башкы директорунун орун басары Назарбек Муратовдун айтымында, буга чейин мамлекет чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергиясын сатып алууда бир топ тоскоолдуктар болуп келген.
"Өзүбүз өндүргөн электр энергиясын 2016-жылы мамлекетке сатып баштаганбыз. Бирок тариф саясаты туура эмес жүргөндүктөн, тоскоолдуктар болгон. Өкмөт ар кандай шылтоону айтып, бюрократиялык жол менен ишкерлерге колдоо көрсөткөн эмес. Бүгүн Президент Садыр Нургожоевич чакан ГЭСтерди колдоо боюнча чечкиндүү кадам жасады деп айта алам. Тиешелүү кызматтар айрым маселелерди чечсе эле, өлкөнү электр энергиясы менен өзүбүз эле камсыздап коюу мүмкүнчүлүгү бар", - дейт Муратов.