2025-01-11
Түрмөк
Абал начарлоодо. Бишкекте күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда
Бишкек шаарындагы күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда, - деп маалымдайт мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, шаарда эпидемиологиялык кырдаал начарлоодо.
Мектептердин базасында ачылган күндүзгү стационарлар:
- Биринчи май району: Патриса Лумумба атындагы көчөсү, 10 дарегиндеги №83 мектеп;
- Ленин району: Жогорку Жал кичи району, 45 дарегинде жайгашкан № 95 мектеп;
- Свердлов району: "Дордой" конушундагы №94 мектеп;
- Октябрь району: Абдымомунов көчөсү, 197 дарегинде жайгашкан "Сейтек" Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору.
Мэриядан кошумчалашкандай, күндүзгү стационарлардын баары кычкылтек концентраторлору жана керектүү дары-дармектер менен камсыздалган.
Булак: Кабар