AUCA the best 2

2025-05-14

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Колледж жана кесиптик лицейлердин мугалимдери квалификациясын жогорулатты

Колледждердин жана кесиптик лицейлердин 825 окутуучусу квалификациясын жогорулатты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

jg_630x410_q85_crop.730x0.jpg

 

Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан “Сектордү өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында БКБ жана ОКБ системаларынын окутуучуларынын жана өндүрүштүк мастерлеринин квалификациясын жогорулатуу курстары өткөрүлдү.

Апрель-май айларында “Өндүрүштүк окутууну жакшыртуу” темасы боюнча башталгыч кесиптик билим берүү (БКБ) системасынын бардык окуу жайлары боюнча 175 өндүрүштүк мастер окутулду.

Окутуунун максаты – өз алдынча пландоо, аткаруу жана окуучуларды баалоону камтуучу активдүү окутуу формасын колдонуу менен өндүрүштүк окутуу мастерлеринин көндүмдөрүн өнүктүрүү.

Өндүрүштүк окутуу мастерлери кабыл алынган сапат стандарттарына ылайык практикалык сабактарды аткаруу үчүн активдүү окутуу формалары менен таанышты. Катышуучуларга өндүрүштүк окутуу сабагына, түзүмүнө жана натыйжалуу сабактарды уюштурууга карата педагогикалык талаптар жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, кредиттик технологиялар боюнча БКБнын 50 окутуучусу жана “Аккредитация жана билим берүүнүн сапатын камсыздоонун актуалдуу көйгөйлөрү” темасы боюнча БКБнын 150 окутуучусу окутулду.

Башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 425 окутуучусу квалификациясын жогорулатуу курстарынан өттү.

Ошондой эле, орто кесиптик билим берүү системасынын 400 окутуучусу квалификациясын жогорулатты. Алардын ичинен 150 окутуучу - “Аккредитациялоо жана билим берүүнүн сапатын камсыздоонун актуалдуу көйгөйлөрү”, 100 окутуучу – “Окутуудагы компетенттүүлүк мамилени ишке ашыруу технологиясы жана ыкмалары” темасы боюнча, 100 окутуучу - “Окуу материалдарын санариптештирүү жана Google Дискте көндүмдөрдү өнүктүрүү” темасы боюнча, Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледждинин 25 окутуучусу “Курулуш адистиги боюнча окуу материалдарын иштеп чыгуу” темасы боюнча жана Токмок агроэкономикалык колледждин 25 окутуучусу “Педагогикалык изилдөө” темасы боюнча квалификациясын жогорулатты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Вступительный экзамен в мае

Кабыл алуу сынактары май айында болот

Финансовая поддержка в АУЦА

Международный ПЛАС-Форум Digital Uzbekistan – стартует в мае

Круглый стол: Женское предпринимательство Кыргызстана и стран БРИКС

Байыркы кыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

Протокыргыз тили эл аралык тил болгонбу?

“Харгяс Уур” (кыргызское гнездо) на территории Монголии

Почему Кыргызстану надо перейти на свой древний алфавит?

Перизат Тойчубекова улуттук мурасты дүйнөгө таанытуу тууралуу

БААУнун юридикалык факультетинин командасы – Jessup 2025 сынагынын улуттук тандап алуу раундунун жеңүүчүсү!

Монголия переходит на старый монгольский алфавит

27 февраля в Бишкеке пройдет ПЛАС-форум Digital Kyrgyzstan

“Конфетто” таттуу брендинин негиздөөчүсү Айнура Сыдыкова менен маек

Юлия Жаналиева келечек муунду тарбиялоодогу жоопкерчилиги жөнүндө

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2