AUCA the best 2

2024-03-28

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча биргелешкен билдирүү кабыл алышты

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясынын жетекчилери катары 5-июнда жумушчу жолугушуу өткөрүшүп, биргелешкен билдирүү кабыл алышты.

60bb8014d957c.jpg

Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыялангандай, эки тарап кырдаалды тынчтык жолу менен чечкен.

Мамлекеттик чек аранын “Карамык” тилкесинин 12/9 чекитинде тараптар негизги маселелерди кеңири талкуулагандан кийин, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча комиссияларынын төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов төмөндөгүдөй протоколго кол коюшкан:

Чек ара постторун ар бир тарап өзүнүн аймагын көздөй 3 километрге жылдыруу;
Аскерлерди, аскердик жабдууларды өздөрүнүн ар дайым жайгашкан жерине алып кетүү, чек ара топторунун штаттык бөлүмүн гана калтыруу;
Аталган бөлүктөгү жайыттарды пайдалануу боюнча чечим кабыл алынды;
Мамлекеттик чек арадагы бардык аракеттер эки тараптын төрагаларынын алдын ала макулдашуусу менен гана жасалышы керек;
Кыргыз-тажик чек ара кызматкерлери чек ара аймагында жүрүм-турум линиясын сакташы керек;
Массалык маалымдоо каражаттарына мурда кол коюлган протоколдордун алкагында, эки тараптан макулдашылган маалыматтарды гана берүү;
Топографиялык жумушчу топтордун жетекчилерине Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы №12\2 чекитинен №12\9 чейинки аралыкты кыска мөөнөттө тактоону аяктоо тапшырмасы берилди;
Тараптар чек ара аймактарындагы калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
Тараптар ушул протоколдун пункттарын катуу сактоону макулдашты;
Протоколго Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол койгон.

Тажикстандын аскер кызматкерлери Делимитация жана демаркация процесси аяктаганга чейин кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тактала элек тилкелеринде кандайдыр бир иштерди жүргүзүүгө тыюу салуу жөнүндө макулдашууларга карабастан, келишимдерди бузуп, 4-июнь саат 03:00дө Кыргызстандын аймагына 1000 метр аралыкка кирип, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Унжу-Булак мамлекеттик чек арасынын тактала элек бөлүгүнө контейнер орнотушкан. Министрлер кабинети тажик тараптын мындай аракети коңшулук жана достук мамилелерге туура келбей турганын айтып сындады. Камчыбек Ташиев башында турган чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз делегациясы окуя болгон жерге барып тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

 

Интервью

 

Жаңылыктар

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

Торгово-промышленная палата КР приглашает на новогоднюю ярмарку

Бишкекте зер жасалгалар көргөзмөсү ачылды – фоторепортаж

“Maxim Demidov” зер жасалгалар үйү Бишкекте - ORO EXPO

ORO EXPO: Ювелирный дом Maxim Demidov в Бишкеке

ORO EXPO: Зер жасалгаларды өз баасында алыңыз - кирүү акысыз

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2