AUCA the best 2

2025-12-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Тышкы иштер министри Казакбаев Россиянын элчиси Удовиченко менен жолукту

2-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

194858062_3993628057421736_8673921104131236704_n.730x0.jpg

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын, эл аралык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери, ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын мамлекет башчыларынын 2021-жылдын 24-25-майында Сочи шаарында болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Руслан Казакбаев россия тарапка коронавирус пандемиясы башталгандан бери баа жеткис колдоо көрсөтүп келе жаткандыгы, анын ичинде кайтарымсыз негизде «Спутник V» вакцинасынын биринчи партиясын бергендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

ТИМ башчысы дүйнөдө COVID-19 илдетинин өсүшү уланып жаткандыгына кабатырланып, пандемиянын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюуда биргеликте өз ара аракеттенүү зарылдыгына көңүл буруп, кыргыз тарап жакын арада «Спутник V» вакцинасынын 80 миң доза көлөмүндөгү экинчи партиясынын келүүсүн күтүп жаткандыгын белгиледи.

Мамлекеттер ортосундагы авиа, автотранспорттук жана темир жол байланыштарды толук кандуу жандандыруу аркылуу экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнү тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Маектешүүнүн катышуучулары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында орун алган куралдуу кагылышууну талкуулашты.

Россия тарап Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы кыйроого учураган инфратүзүмдүк жана социалдык объекттерди калыбына келтирүүгө жардам берүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар БУУнун Уставына жана башка эл аралык конвенцияларга ылайык кабыл алынган аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аранын бузулбастыгы, эл аралык талаштарды сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч менен коркутпоо сыяктуу негизги эл аралык принциптерди бекем кармана тургандыгын тастыкташты.

Жыйынтыгында тараптар союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жана кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнүн бардык тармактарын мындан ары интенсификациялоого ниеттенгендигин билдиришти.

Булак: Кабар

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2