2025-01-11
Түрмөк
Кыргызстанда ЖОЖдорго тапшыруу 12-июлда башталат – график
Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2022-окуу жылына Жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) тапшыруунун графиги тууралуу маалымат берди.
Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ЖОЖго тапшыруу үчүн каттоо онлайн жүргүзүлөт.
12-17-июль – Биринчи тур
12-14-июль сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
14-июль саат 14:00дө сынакка катышуу үчүн абиртуриенттерди каттоо бүтөт;
15-июль саат 09:00гө чейин окууга тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмесин жайгаштырылат;
15-17-июль талапкерлердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоо.
19-23-июль – Экинчи тур
19-21-июль сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
21-июль саат 14:00дө сынакка катышүү үчүн каттоо бүтөт;
22-июль 09:00гө чейин окууга тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмеси жайгаштырылат;
22-24-июль тадапкерлердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоо.
26-31-июль – Үчүнчү тур (КР БИМдин уруксаты менен өткөрүлөт)
26-28-июль сынакка катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;
28-июль саат 14:00дө сынакка катышүү үчүн каттоо бүтөт;
29-июль саат 09:00гө чейин окууга тапшырууга сунушталган талапкерлердин тизмеси жайгаштырылат;
29-31-июль тадапкерлердин ЖОЖго тапшыруу каалоосун ырастоо.