2024-12-22
Түрмөк
Карантин экологияга кандай таасир тийгизди?
Европа космостук агенттиги Copernicus Sentinel-5P спутниги тартып алган Италиянын сүрөттөрүн жарыялады. Анда, абанын булганышы, тагыраак айтканда азоттун диоксидинин чыгындысынын көптүгүн байкоого болот.
Ушул жылдын 1-январында жана 1-мартында тартылган сүрөттөрдү салыштырып көрсөк, абадагы зыяндуу заттардын концентрациясынын чукул азайганы көрүнүп турат.
Азот диоксидинин чыгындыларынын азайышына бир канча факторлор таасир берген: карантин учурунда жол кыймылынын жана ири өндүрүштүн токтошу.
Ал эми NASA март айынын башында коронавирус пандемиясы Кытайдагы абанын булганышын төмөндөткөнүн кабарлаган. Мунун далилин төмөнкү сүрөттө.
Февраль айынын ортосунда абадагы азоттун диоксидинин чыгындысы эки эсеге азайган.