2025-01-10
Түрмөк
Ок атуу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты өттү
Кечээ, 15-май күнү Бишкек шаардык мэриясынын уюштуруусунда «9х19» спорттук ок атуу комплексинде ок атуу боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу ок атуу боюнча спортчу жана машыктыруучу Каныкей Кубанычбекова KEREEZ.KGге билдирди.
Аталган мелдешке жалпысынан 3 команда жана 50дөн ашуун спортчу катышты.
Мелдеш 10 метр аралыктагы дистанцияда пневматикалык винтовка жана пистолет менен атуу боюнча болду.
Жеңүүчүлөр:
ВП-6 (пневматикалык винтовка) - аялдар арасында
1- Анастасия Щуковская
2- Каныкей Кубанычбекова
3- Тумар Касмалиева
ВП-6 (пневматикалык винтовка) - эркектер арасында
1- Рамазан Кадырбеков
2- Александр Ким
3- Элдан Айбеков
ПП-3 (пистолет) - аялдар арасында
1- Бактыгуль Махмадова
2- Регина Баязитова
3- Айгерим Кеңешбекова
ПП-3 (пистолет) - эркектер арасында
1- Александр Кошелев
2- Аскат Токмоков
3- Санжарбек Эркинбаев.
Kereez Media