AUCA the best 2

2025-12-15

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Муфтийдин м.а. Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады.

 173079030_2837707519802224_9035036599245149431_.jpg

Төмөндө муфтийдин м.а. куттуктоосу:

Ассалааму алайкум ва рохматулоохи ва барокаатуху!

Урматтуу мекендештер, кымбаттуу аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар!

Сиздерди Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Жараткан Алла Таалам ыйык Рамазан айында туткан орозобузду, жакшы тилектерибизди, соопчулук иштерибизди кабыл кылсын. Билип-билбей кетирген кемчиликтерибизди, күнөөлөрүбүздү кечирсин.

Пайгамбарыбыздын хадисинде: «Бул ай улуу берекелүү ай. Бул айда кадырлуу бир түн бар, ал түн миң айдан жакшыраак, Алла Таала бул айдын орозосун парз кылды. Түндө намаз (таравих) окууну нафил ибадат кылды. Ким бир жакшылык (нафил ибадат) менен Кудайга жакын болсо, орозодон башка күндөрү парзды аткаргандай сооп алат. Ал эми бир парзды аткарса, орозодон башка күндөрдө 70 парзды аткаргандап сооп алат»,- деп айтылган.

Кадырман мекендештер! Рамазан айында жасаган сооп иштериңиздерди Жараткан Алла Таалам эселеп кайтарсын. Элибиз буга чейин пандемияда, жакында болуп өткөн чек арадгы Баткен окуясында бир муштумдай биригип жабыр тарткан бир туугандарыбызга жардам колун сунуп, кайрымдуулуктун эң мыкты үлгүсүн көрсөттү.

Ушул калыбыбыздан жазбай элибизге, мамлекетибизге, динибизге кызмат кылып, кыргыз элине мүнөздүү мыкты сапаттарыбызды көрсөтүп, дүйнө эли бизге суктанган, үлгү алган деңгээлге жетели. Ага биздин ыйманыбыз, маданиятыбыз, эркибиз жол берет. Элибиздин биримдигин дагы да арттырууда ыйманыбызды, ынтымагыбызды бекемдейли, сүйүктүү өлкөбүздүн жаркын келечегине ар бирибиз салым кошолу. Коомубузга адептүү, мекен үчүн күйгөн, билимдүү, илимдүү, акыл эстүү муунду тарбиялап чыгалы.

Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздө коронавирус илдети жайылып жаткандан улам жарандарыбыздын саламаттыгын, коопсуздугун эске алуу менен айт намазын мечиттерде санитардык талаптарды так сактоо менен окудук. Ар бир адамдын жаны аманат дегендей мындай көрүнүштү мекендештерибиз туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдомун.

Рамазан айында ар бир үй-бүлөгө ырыскы, бакубат жашоо, мекенибизде тынчтык, ынтымак, биримдик жана молчулук, токчулук болсун".

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2