2025-01-10
Түрмөк
Айт намаз мечиттерде окулат
Эртең, 13-майда майрамдык айт намаз Бишкектеги жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы иш-чаранын программасын сунуштады.
Айт намаз өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулуп, таңкы саат 07:00дө башталат.
Айт намаздын программасы:
07:00-07:15 — Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:15 — Айт намаз.
Муфтияттан айт намазга келген ар бир жаран санитардык эрежелерди так сактоосу керектигин баса белгилешти.
• Бет каптын болуусу талап кылынат
• Ар бир адам жайнамазын ала келүү сунушталат
• Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрдик аралыкты так сактоо
• Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат
• Дааратты үйдөн алуу
• Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбөөсү талап кылынат
• Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат