2025-01-10
Түрмөк
Бишкекте бир жумада 4,5 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактысы катталган
2021-жылдын 30-апрелинен 6-майга чейин Бишкек шаарынын аймагында 4 миң 579 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- мас абалында автоунаа башкаруу - 32;
- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 9;
- айдоочулук кубөлүгү жок авто унаа башкаруу - 45;
- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар авто унаалар - 34;
- башка жол эрежелерин бузуулар - 4 459.
Кайгуул кызматынан кошумчалашкандай, ар кандай эреже бузган 363 автоунаа айып короо жайына токтотулду.
Милициянын кайгуул кызматы жол эрежесин так сактоого чакырат.