2025-01-10
Түрмөк
Чек ара чатагында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон берилет
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон берилет . Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Лейлек районунун Максат айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, ошондой эле жабыркаган ишкерлерге дагы жардам көрсөтүлөт.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү суроолорго жооп берди. Эл негизинен мамлекет тарабынан колдоо, чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо процесси, пенсия жана жөлөкпулдар, жоголгон документтерди калыбына келтирүү, жолдорду оңдоо жана башка маселелер боюнча суроолорун узатышты.
Жергиликтүү тургундар менен жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилди.