AUCA the best 2

2025-11-07

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент Министрлер кабинетин бекитти. Аткаруу бийлигинин курамы

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин аппараты маалымдады.

2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Конституциясынын негизинде башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу органдарын жана сот бийлигин түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду. Ага ылайык, Өкмөт кызматтан кетип, аткаруу бийлиги президенттин көзөмөлүндө боло турганы жазылган.

«5-майдагы № 59 «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп кайра түзүлсүн.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук мурастоочусу деп эсептелсин», — деп жазылат жарлыкта.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү төмөнкүдөй болуп бекитилди:

— Экономика жана финансы министрлиги;

— Коргоо министрлиги;

—  Тышкы иштер министрлиги;

— Юстиция министрлиги;

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

— Билим берүү жана илим министрлиги;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Ички иштер министрлиги;

— Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

— Энергетика жана өнөр жай министрлиги;

— Айыл, токой жана суу чарба министрлиги;

— Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министирлиги;

— Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

— Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети;

— Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдөн турат:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынан;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынан;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министринен;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министринен;

— Кыргыз Республикасынын министрлеринен;

— Мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;

— Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2