2025-01-10
Түрмөк
Түркиядагы Ван кыргыздары чек ара чырына байланыштуу кайрылуу жолдошту
Түркиядагы Ван кыргыздары кыргыз-тажик чек арасынадагы абалга катара кайрылуу жолдошту.
Бул тууралуу "Кыргыз түрктөрү" коомунун жетекчиси Абдулметин Кескин билдирди.
Анда мынтип айтылат:
«Урматуу кыргыз эли! Мекенибиз Кыргызстандагы акыркы күндөрдө болгон кыргыз-тажик чек арасындагы оор абал, Түркиядагы ар бир кыргыз боордошторубузду түйшөлтүп турат.
Кылымдар бою чогуу жашаган коңшу элдер менен болгон чек ара мамилелери Кыргыз Өкмөтү тез арада оң тарапка чечилерине үмүт кылабыз. Аллахым элибизди бөөдө кырсыктан сактасын. Кыргыз эли улуу эл, өз мекенин кан жаны менен коргору шексиз.
Мындай коогалаңдуу учурда кыргыз эли дагы бир ирээт бир муштумдай биригип, ар тараптан алыскы өлкөлөрдөн жардам көрсөтүүсү, биздин жүрөгүбүздү жылытты. Кылымдар бою мекенин сүйүп коргоп келген эр азаматтарыбыздан уучу кур эмес экенин далилдеди.
Бул коогалаңда шейит кеткен кыргыз бир туугандарыбыздын жакындарына жана жалпы кыргыз элине Түркиядагы вандык кыргыздардын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.
Биздин тилегибиз, тез арада эки мамлекеттин чек арасында саясий абал турукташып, бул кагылышуу тынчтык жолу менен токтойт деген үмүттөбүз!”.
Eurasia Today