AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

УКМК: Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматынан кабарлашты.

matrfgghaimov-r.jpeg

УКМК мурда билдиргендей, 2021-жылдын 18-февралында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып жана аны камакка алуу түрүндө ага карата баш коргоо чарасы каралган.

Белгилей кетсек, бул сотко чейинки өндүрүштү баштоого Интернетте кеңири тараган Р. Матраимовдун Дубай Эмиратында кымбат мүлкү бар экендиги боюнча "Азаттык Медиа" мекемесинин журналисттик иликтөөсүнүн материалдары негиз болгон.

Бул иштеги чындыкты аныктоо максатында, Р.Матаримовдун жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн чет өлкөлөрдө кандайдыр бир мүлктөрүнүн болушу жөнүндө тергөө тарабынан КМШ өлкөлөрүнүн, Европанын, Кытайдын, Түркиянын жана ошондой эле Дубай Эмиратынын компетенттүү органдарына тийешелүү өтүнүчтөр жөнөтүлгөн.

Бирок, аталган мамлекеттердин компетенттүү органдарынын расмий документтерине ылайык, Р.Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү жок болуп чыкты.

Мындан улам, журналисттердин материалдарында келтирилген жүйөлөр ырасталган жок жана тергөөгө далилдер тапкан эмес, андан сырткары Р. Матраимов жана анын үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары ар кандай кыймылсыз мүлктү сатып алуу фактыларын тастыктаган.

Буга байланыштуу, колдонуудагы жазык-процесстик мыйзамдарынын талаптарын эске алуу менен, Р.Матраимовго карата козголгон кылмыш иши токтотулуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы жокко чыгарылды.

Ошол эле учурда, Р.Матраимов өз ыктыяры менен базар баасы 20 млн сомдон жогору, жалпы аянты 232,3 м2 квартирасын мамлекеттин бюжетине өткөрүп берди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2