2024-12-21
Түрмөк
Грэпплинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты старт алды
Иш-чараны КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канат Арпачиев ачып, куттуктоо сөзүн айтты. Ал Грэпплинг федерациясынын 1,5 жылдагы дүйнөлүк аренада жетишкендиктерин баса белгилеп, 2019-жылы Казакстанда өткөн дүйнөлүк мелдеште алтын, күмүш медалдарды багынткан Абдурахман Муртазалиев менен Абдылдабек Кекеновго Эл аралык класстагы спорт чебери наамдарын тапшырды.
Мындан сырткары ачылыш салтанатта грэпплинг федерациясынын колдоосу менен жазылган кыргыз спортунун Гимнинин презентациясы жаңырды. Мелдеш Бишкектеги “Газпром Арча-Бешик” дене-тарбия жана ден-соолукту чыңдоо комплексинде орун алып, өлкөнүн жети дубанынан 635 спортчу күч сынашууда. Мелдеште Орусиянын грэпплинг боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Алексей Тихоглазов өз командасы менен калыстык милдетти аркалоодо. Бүгүн спортчулар но ги версиясы менен беттешсе, эртең, 9-февралда ги түрүнөн өлкө чемпиондору аныкталмакчы.
Алексей Тихоглазов, Башкы калыс (Орусия):
- Кыргызстан грэпплингди бат кабыл алып, аз убакыттын ичинде дүйнөдо тең тайлашып жатат. Бул жылкы республикалык чемпионат мени абдан толкундантты. Катышуучулардын саны жана көрөрмандар залга жыш толуп, активдүү колдоп жатышат. Бул менен федерация жетекчилигинин мээнети күч экенин айтпасам да белгилүү. Ошондой эле кыздар арасында да грэпплинг мыкты өнүгүп, жемишин берип жатат. Бир сөз менен айтканда, мелдеш биз күткөндөн да мыкты уюштурулуп, өтүп жатат.