AUCA the best 2

2025-12-26

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Бишкекте Кыргызстандын дзюдо академиясы ачылды

9-апрелде, Бишкек шаарында Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирет.

202104091306306.jpg

Маалыматка ылайык, иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.

Иш-чаранын сыйлуу коноктору Мариус Визер, Обейд Аль Анзи жана Жолдошбек Колбаев кызыл лентаны кесип, Кыргызстандагы биринчи дзюдо акамдемиясынын ачылыш урматына карагай отургузушту.

Саламат Эргешов Мариус Визерди Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен сыйлады.

Мариус Визер Жолдошбек Колбаевге дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатын бийик деңгээлде уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди жана академиянын ачылышы менен куттуктады. Ошондой эле Улуттук олимпиада комитетине көрсөтүлгөн сый үчүн ыраазычылык билдирди.

Обейд Аль Анзи өзүнүн куттуктоо сөзүндө Кыргызстанда дзюдо академиясынын ачылышы бүткүл Азия дзюдо союзу үчүн чоң сыймык жана кубанычтуу иш-чара болуп саналат деп белгиледи: «Бул академиядан дзюдо боюнча Азия жана Дүйнө чемпиондору чыгат деп ишенебиз. Мен ачылыш аземге өзүм катышып, кыргыз дзюдосунун тарыхындагы маанилүү окуянын катышуучусу болгонума кубанычтамын».

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Мариус Визер жана Обейд Аль Анзи жаш дзюдочулар менен жолугушуп, аларга талыкпай машыгып, татаминин үстүндө да, жашоодо да ийгиликтерди багынтууну каалашты.

Белгилей кетсек, академия Кыргызстандын дзюдо федерациясы тарабынан курулду. Аянты 3700 метр квадратка барабар академияда 8 татами комплектиси орноштурулуп, улуттук курама команда жана дзюдо менен машыгуунун каалагандар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2