2025-01-09
Түрмөк
ЗАРДАЛЫГА ГЭС КУРУЛАТ
Баткендин алыскы Зардалы айылына ГЭС курулат. Долбоорду кыргыз инвесторлору ишке ашырат. ГЭСтин кубаттуулугу – 29 МВт. Бул Баткен районуна жете турган электр энергиясы.
Бул долбоор ишке ашса, Зардалыдагы инфраструктуралык көйгөйлөр чечилет. Эң эле биринчи маселе – жол. Жалпыга кооптуулугу менен белгилүү болгон Зардалынын жалгыз аяк жолу оңдолот. Аны жардыруу иштери күздө башталат.
“Чалгындоо иштери 90 пайызга бүттү. Жолдун бир чакырымдайы катуу таштар. Калганы жумшак. Жолду ачууга оор техникаларды алып келебиз. Жардыруу иштерин күзүндө баштайбыз”, - дейт “Ак-Буура Групп” ишканасынын директорунун орун басары Назарбек Муратов.
20-25 миллион долларга бааланган долбоорду “Ак-Буура Групп” ишканасы ишке ашырат.
“Суунун ылдыйкы жагында айыл бар. Коопсуздукту сактоо максатында плотина курбайбыз. ГЭС деривациялык типте курулат. Учурда бардык документация иштери бүттү. Күздө жол курууга киришсек, ГЭСтин курулушу кийинки жылга башталат”, - деп билдирет “Ак-Буура Групп” ишканасынын техникалык директору Дүйшөнбек Муратов.
ГЭСтин курулушу менен Зардалыда көйгөйлүү болгон 4 маселе: электр энергиясы, жол, байланыш жана жумушсуздук чечилет.
Баткен шаарынан 100 чакырым алыс жашаган зардалылыктар азыр күн батареясы менен чырак жагышат. Бул жерде кышында 30-40, ал эми жайында 100-150 түтүн эл жашайт.