AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Марипов менен Кытай элчиси кызматташтыкты талкуулады

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Улукбек Марипов Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

606fe4a7cfde6.730x400.jpg

Өкмөт башчы Кытай Өкмөтү тараптан коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасы түрүндө көрсөтүлгөн көмөгүнө ыраазычылык билдирди.

«Мамлекет башчы Кытай Эл Республикасына кыргыз элине берилген вакцинасы үчүн ыраазычылыгын билдирет.Үстүбүздөгү жылдын 29-мартынан тарта республикада вакцинациялоонун биринчи этабы башталды. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча «Sinopharm» вакцинасын 700 ашуун адам алды. Медиктердин айтымында, вакцина алагандардын бардыгынын абалы канааттандыраарлык, кандайдыр-бир олуттуу терс таасирлери байкалган жок. Биз үчүн тобокелдик зонасына кирген жарандарды вакцинациялоо артыкчылыктуу маселе болуп саналат», - деди Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы жаатындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын катарында «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча маселелер талкууланды.

Улукбек Марипов белгилегендей, көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иши тараптардын кызыкчылыгына дал келген жүк ташуулардын көлөмүн жогорулатууга жана мындан ары Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы өз-ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

КЭР элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактар боюнча техникалык көмөк көрсөтүү жаатындагы гранттык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча учурдагы абал тууралуу маалымдады.

Өкмөт башчы Ду Дэвэнге кеңири чөйрөдөгү маселелер боюнча эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле келечекте Кыргыз Республикасы жана Кытай Эл Республикасы ортосундагы эки тараптуу мамилелерди, ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоо үчүн бардык күч-аракетти жумшоого даярдыгын билдирди.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2