AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Forbes миллиардерлердин тизмесине дагы үч Казакстандыкты кошту

Forbes журналы дүйнөнүн эң бай адамдарынын тизмесине Казакстандын дагы үч жаранын кошту.

web-34.730x0.jpg

Алар «Freedom Holding» аттуу брокерлик компанияны жетектеген 33 жаштагы Тимур Турлов (2,1 миллиард доллар) жана «Kaspi bank» коммерциялык банкын башкарган «Kaspi» финтех компаниясына ээлик кылган 51 жаштагы Вячеслав Ким (3,3 миллиард доллар) менен 45 жаштагы Михаил Ломтадзе (3,2 миллиард доллар).

Муну менен Forbes’дун тизмесиндеги казакстандыктардын саны жети кишиге жетти. Алардын жалпы байлыгы 22 миллиард доллардан ашат.

Казакстандын эң бай адамдарынын башкы сабында «KAZ Minerals» металлургия гигантынын кожоюну Владимир Ким турат. Ал бир жыл ичинде байлыгын 900 миллион долларга көбөйүп, 4,6 миллиард долларга жеткирди. Владимир Ким жалпы миллиардерлердин тизмесинде 622-орунда турат.

Казак миллиардерлеринин экинчи катарында мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири деп саналган бизнесмен Булат Утемуратов турат. Металлургия, тейлөө жана медиа тармактарында бир нече компанияга ээлик кылган Утемуратовдун байлыгы бир жыл ичинде 700 миллион долларга артып, 3,4 миллиард долларга жетти.

Казакстандын жаңы үч миллиардеринин арасына кирген Вячеслав Ким менен Михаил Ломтадзе дароо эле үчүнчү жана төртүнчү орунга чыгышты.

Бир топ жылдан бери миллиардерлердин катарынан түшпөй келаткан Динара Кулибаева менен анын күйөөсү Тимур Кулибаевдин ар биринин байлыгы 2,8 миллиард доллар деп бааланды. «Forbes» мурдагы президент Назарбаевдин кыз-күйөөсү ээлик кылган компаниялар инвестиция жана финансы тармактарында иш алып барарын белгиледи.

Тизмедеги казакстандык миллиардерлердин акыркы сабынан Тимур Турлов орун алды. 33 жаштагы бул ишкер Казакстандагы эң жаш миллиардер болуп калды. Ал 2008-жылы окууну аяктай эле жатып, "Freedom Holding" аттуу брокерлик компания түзгөн.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2