2025-01-09
Түрмөк
Экс-депутат Токтогул Туманов пневмониядан каза болду
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Токтогул Туманов 6-апрелде 55 жашында пневмониядан каза болду. Республикалык клиникалык инфекциялык илдеттер ооруканасынын жетекчиси Гүлжигит Алиевдин билдиришинче, Туманов оор абалда 1-апрелде ооруканга түшкөн. Дарыгердин айтымында, бейтап ага чейин коронавируска кабылып, он күндөй үйүндө дарыланган.
Туманов 2010-жылы Социал-демократтар партиясынан тизмеси менен парламентке келген,, Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетин жетектеген. Андан кийин Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна караштуу «Мүлк» мамлекеттик ишканасын башкарган.