AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент Айзаданын өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды

Бишкекте өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын ишин президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу мамлекет башчысы өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазган.

Президент Айзада Канатбекованы ала качкандыгы жана анын өлүмү жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын билдирет.

"Коомубузда кыздарды мажбурлап никеге тургузуу дагы деле орун алып жатканы кабыл алынгыс көрүнүш. Айзаданын башына келген окуя анын үй-бүлөсү үчүн гана эмес, биздин жалпы мамлекетибиз үчүн бул чоң трагедия. Кыз ала качуу, кыздарды зордоп кармоо менен аларды эркине койбой никеге турууга мажбурлоо ар дайым трагедияга алып келет.

Тилекке каршы, ала качуу үчүн жазалар катаалдаштырылгандыгына карабастан, уурдап кетип, мажбурлап никеге тургузуу жаштар арасында алигиче болуп келет. Бир нече жыл мурда мындай трагедия Бурулайдын башына келип, бир адам ага үйлөнөм деп ала качууга аракет кылган. Бурулайдын ысымы кыргызстандыктар үчүн эстен кеткис ысым катары калды. Кылмышкер жасаган иши үчүн соттолду. Бурулай болсо үй-бүлөсүнөн ажырап, бул дүйнө менен түбөлүккө коштошту. Мындай окуялар болбошу керек", - деп баса белгиледи президент.

Ошондой эле ал кыз ала качуу менен никелешүүгө мажбурлоо мыйзам чегинде катуу жазаланышы керектигин айтты.

"Ала качууга жана жарандарды күч менен кармоого салым кошкондор үчүн кечирим болбошу керек. Айрыкча ички иштер министрлигинин иши жөнүндө айтып кетким келет. Коомубузда мыйзамдуулук жана тартип биринчи орунда турушу керек. Муну эч ким унутпашы кажет.

Айзада Канатбекованы ала качып, ага ушунчалык ырайымсыз мамиле кылган кайгылуу окуя, тарыхта ала качуунун акыркысы болушу керек. Азыркы өнүккөн коомдо буга такыр жол берилбеши керек. Мындай кылмыш иштери үчүн баардыгы жазаланышы зарыл. Мен Айзада Канатбекованын ишин жеке көзөмөлүмө алам. Бул иш аягына чыгарылышы зарыл жана жазасы сөзсүз болот.

Кыргызстандын бардык жарандарын, эгерде кыз ала качуу аракеттерин көрүп калса, кайдыгер карабоого чакырам. Ар бир кыргызстандыктын өмүрү жана эркиндиги баарынан жогору турат.

Айзада Канатбекованын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Белиңиздерди бекем бууңуздар. Бул каргашалуу окуяга түздөн-түз катышкандар мыйзам чегинде катуу жазаланат", - деп жазган өз билдирүүсүндө Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2