AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров УКМК төрагасы Ташиев менен чек ара маселесин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кабыл алды.

bfc49d3e-688b-499b-8749-30d5ee9f4182.730x0.jpeg

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 24-25-март күндөрү Ташкент шаарында өткөн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.

Анын берген маалыматы боюнча эки мамлекеттин башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруунун алкагында тараптар жыйынтыктоочу протоколго кол коюшту. Ага ылайык, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери боюнча бардык маселелер аймактарды алмашуу принциби менен тактоо жол-жобосунан өттү. Тараптар «Кемпир-Абад суу сактагычы», «Шарихансай каналы», «Гавасай», «Көк-Серек», «Баястан», «Ак-Таш», «Үңкүр-Тоо», «Кара-Белес» тилкелерин тактоодон өткөрүүнү макулдашканы белгиленди.

Ошондой эле, тараптар үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн «Кайтпас», «Өтүкчү» өткөрүү пункттарын ачуу боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, Өзбекстан тарап аркылуу «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кенсай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди. Кийин даярдыгына жараша бул өткөрүү пункттары ачылат.

Ошол эле учурда, бардык такталган тилкелер боюнча жеринде биргелешкен изилдөөлөр, ошондой эле эки тараптуу консультациялар жүргүзүлөт.

Андан соң аталган документти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен макулдашуу жол-жобосу өтөт, андан кийин мамлекеттер аралык келишимге кол коюлат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ратификациялоо жол-жобосунан өтүшү керек.

Өкмөттүк делегациялардын кезектеги жыйыны жакынкы убакта Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Камчыбек Ташиев ошону менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасында талаштуу тилкелер болбойт деп жыйынтыктады.

Президент Садыр Жапаров бул кадам кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелеринде тарыхый мааниге ээ экенин жана буга чейин орун алып келген айрым чек ара чыр-чатактарына чекит коюла турганын канааттануу менен белгиледи.

Бул эки боордош элдердин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту, анын ичинде чек ара аймактарындагы эки мамлекеттин жашоочуларынын ортосундагы мамилени чыңдай турганына ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы эки элдин көптөн берки тилеги бүгүнкү күндө реалдуулукка айланып баратканын баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бул багытта башка коңшу мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2