AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Президент Түркиянын элчиси Женгиз Камил Фыратты кабыл алды

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, 25-мартта, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыратты өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

165021880_1635327233335530_5768004918512227130_o.jpg

Эки тараптуу мамилелердин артыкчылыктуу багыттары, соода-экономикалык алакаларды өркүндөтүү чаралары жана мурда пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Жеңгиз Камил Фыраттын кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-түрк саясий диалогун өнүктүрүүгө кошкон салымын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу ниетин билдирди. Анткени Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, бир тууган өлкө болуп саналат.

Президент кыргыз тарап өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, агрардык, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара кызыгуу жараткан тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап келерин айтты.

Түркия элчиси Жеңгиз Камил Фырат Кыргызстанда дипломатиялык кызматын өтөө мезгилинде анын жигердүү иштеши үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Ал өлкөлөр ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине канааттануу менен токтолуп, эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда өтө турган эл аралык иш-чараларды, алардын ичинен ТМККнын бейформал саммитин жана Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин жыйынын эске салды.

Жеңгиз Камил Фырат соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн түрк ишкерлеринин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатканын, ошондой эле Ысык-Көлдө кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Түрк элчиси президент Садыр Жапаровго өлкөдө саясий реформаларды жүргүзүүдө жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча жасаган иштеринде ийгиликтерди каалады.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2