AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Марипов: Калктын көйгөйүн чече албаган акимдер ордун бошотуусу керек

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бюджеттик каражаттардын тартыштыгына карабастан, бардык күч-аракетти курулушу аяктабаган мектептердин курулушун жыйынтыктоого багыттайт. Бул туурасында премьер-министр Улукбек Марипов Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышууда билдирди.

605b06351eed4.730x400.jpg

Өкмөт башчы Кочкор районунун бир катар айылдарынын тургундары менен жолугушуп, анда сугат суу, ирригациялык объектилердин эскилиги, курулушу жыйынтыкталбаган мектептер, азык-түлүккө баалардын жогорулашы жана социалдык жөлөкпулдарды төлөп берүүгө байланыштуу көйгөйлүү маселелер талкууланды.

Туз айылындагы 225 окуучуга эсептелген мектептин курулушу 2019-жылы башталган. Долбоордун тендердик наркы 58,3 млн сомду түзөт, ал эми объектидеги курулуш иштери 70 %га жыйынтыкталган.

«Аталган мектепти жыйынтыктоого бюджеттен тийиштүү финансы каражаты бөлүнөт. Жаңы окуу жылында балдар билим алууга бардык шарты каралган мектепке барышат. Тилекке каршы, республика боюнча каражаттын жоктугуна байланыштуу курулушу токтоп турган мектептер бар. Түзүлгөн кырдаалга крабастан, Өкмөт курулушу 60-70% ашуун бүткөрүлгөн окуу жайларын жыйынтыктоо үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Жакынкы үч жылдын ичинде бул иштер жыйынтыкталышы тийиш», - деди Улукбек Марипов.

Премьер-министр район акимдеринин инвестицияларды тартуу, жаңы жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүү, ишенилген аймактардын экономикалык жагымдуулугун камсыздоо, калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу маселесиндеги натыйжалуу иш алып баруусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Эгер акимдер калктын көйгөйлүү маселелерин тийиштүү деңгээлде чече албай жатса, анда алар топтолгон маселелерди чечүү үчүн мотивациясы, ниети жана билими жетиштүү жактар үчүн ордун бошотуусу керек», - деди ал.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2