AUCA the best 2

2024-05-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

«Дордой» Ассоциациясы, New Market Technologies жана Visa «Дордой» базарын санариптештирүү боюнча меморандумга кол коюшту

«Дордой» Ассоциациясы, New Market Technologies жана Visa Борбор Азиядагы эң ири базар үчүн санарип платформасын ишке киргизүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту

599830a0-8303-45f7-82e1-ced5300377b5.jpg

Кыргызстанда «Дордой» базарынын ишкерлери үчүн келечектеги базар экосистемасынын негизи болгон Dordoi TW ScoreX санарип платформасы түзүлдү.

​​24-март, 2021-жылы Бишкекте - «Дордой» Ассоциациясы, New Market Technologies жана санариптик төлөмдөр жана инновациялык төлөм чечимдери боюнча дүйнөлүк лидер Visa, кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Анын максаты - Кыргызстандын санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү болуп саналат.

New Market Technologies компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айнур Темирханкызы: «Бул жылдык жүгүртүүсү 3 миллиард доллардан ашкан базар үчүн мындай деңгээлдеги биринчи санариптик долбоор. Dordoi TW ScoreX - бул рыноктук операцияларды автоматташтырган жана бизнес-ишкерлерге банктардан жекелештирилген насыя сунуштарын мессенжерде түздөн-түз алууга мүмкүнчүлүк түзгөн платформа. Бул платформа базардын өзүнө соода катарлары жана контейнерлер бөлүмдөрүндөгү акча агымдарын натыйжалуу башкарууга жана долбоордун өнөктөштөрү үчүн кардарлардын базасын сегменттөөгө мүмкүндүк берет. Платформа ошондой эле ар бир кардар үчүн тобокелдиктерди алдын-ала эсептөө жана прескоринг боюнча контейнер ээлеринин (контейнер ижарачыларынын) рейтингин камтыйт. Мунун бардыгы бизнести өнүктүрүүгө, туруксуздук шарттарында ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана колдоого өбөлгө түзөт», - деп билдирет.

Бүгүнкү күндө базардагы 60 миңден ашуун контейнер ээлеринин жана ижарачыларынын ичинен 10 миңи Dordoi TW ScoreX ачык санарип платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн колдоно алышат. Долбоордун инфраструктурасы алдыңкы технологиялык төлөм чечимдерин ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Visa - стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында, төлөм системасынын архитектурасын тандоодо жана эл аралык тажрыйбанын негизинде техникалык чечимдерди иштеп чыгууда экспертизалык жана консультациялык колдоо көрсөтөт. Долбоордун катышуучулары жана меморандумга кол койгондор, өнөктөш компанияларды жана банктарды өнүмдөрдү жана чечимдерди ишке ашырууда, анын ичинде кросс-маркетингдик потенциалы бар тараптарды кызматташууга чакырат.

Долбоордун демилгечиси жана New Market Technologiesдин негиздөөчүлөрүн бири Назира Бейшеналиева: «Санарип платформалары, аралыктан кызматтарды алуубул, дүйнөдөгү эң актуалдуу тренддердин бири. Чындыгында, түзүлгөн санариптик платформа чакан жана орто бизнеске каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү тездетет, бул накталай эмес жана санарипик экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бул платформа «Дордой» базарынын ишкерлери үчүн маалыматтык негиз болот. Биздин көз карашыбыз боюнча, бул технологиялык чечим иш кагаздарын жана каржы институттары тарабынан өз кызматтарын көрсөтүү мөөнөттөрүн кыскартат, ошондой эле төлөмдөрдүн саны да көбөйөт», - деп билдирди.

Борбордук Азиядагы Visa - эл аралык төлөм системасынын аймактык менеджеринин милдетин аткаруучу Антон Бороздин: «Биз «Дордой» Ассоциациясынын жана анын негиздөөчүлөрүнүн Борбор Азиядагы эң ири базарды санариптештирүү боюнча аракеттерин кубаттайбыз жана бул чындыгында эле Кыргызстандагы накталай эмес жана санариптик инфраструктураны өнүктүрүүнүн орчундуу долбоору деп эсептейбиз. Дүйнөнүн санариптик форматка утулуусу бизнес үчүн жеткиликтүү технологияларды колдонууну талап кылат. Биз, санариптик экосистемага туташуу - соодагерлерге сатууну көбөйтүүгө, кардарлардын базасын кеңейтүүгө, акча агымын жана отчеттуулук процесстерин оптималдаштырууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз. Эң башкысы, кардарларга ыңгайлуу, тез жана коопсуз төлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат», - деп белгиледи.

Ошондой эле, бизнести колдоо максатында Дордой, New Market Technologies менен биргеликте, банктарга контейнерлерди базар баасында баалоо мүмкүнчүлүгүн берүүгө жана контейнерлерди кайрадан каттоодон өткөрүү кепилдигин берүүнү пландаштырууда. Бул контейнер ээлеринин жогорулатылган насыя суммасына кайрылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

Дордой Ассоциациясынын вице-президенти жана New Market Technologiesдин негиздөөчүлөрүнүн бири Жумабек Салымбеков: «Бардык тараптардын күч-аракеттерин бириктирүү - «Дордой» базарындагы чакан жана орто бизнестин трансформация процессине санарип кызматтарын көрсөтүүдө жаңы масштабга мүмкүндүк берет. Платформаны иштеп чыгууда дүйнөлүк санарип платформаларынын сервис жана кызмат көрсөтүү тажрыйбалары эске алынды. Бүгүнкү күндө ар кандай бизнес санарип форматына өтүп жатат жана маалыматтар абдан баалуу булакка айланууда. Мындай аянтчалардын баалуулугу кардарлар базасынын көлөмү жана сапаты менен өлчөнөт. «Дордойдун» ишкерлери - бул соода, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү 30 жылдык талыкпаган эмгек», - деп кошумчалады.

 «Дордой» базарында иштеген ишкерлер ачык санарип платформасы тез жана сапаттуу финансылык кызматтарды алууда олуттуу колдоо көрсөтөт деп белгилешти. Алардын пикири боюнча, санариптештирүүгө өтүү каржы институттары менен ишкерлердин ортосундагы өз ара аракеттенүү процессин мүмкүн болушунча ачык-айкын кылат, эки тараптын тең маалыматка жетүүсүн жеңилдетет, каржылык кызматтарды алуу үчүн берилген документтердин санын жана арыздарды кароонун мөөнөтүн кыскартат.

Санарип платформасы - «Дордой» Ассоциациясынын негиздөөчү-атасы, ардактуу президенти Аскар Салымбеков тарабынан жактырылды жана колдоого алынды. Ал платформанын мүмкүнчүлүктөрү менен жеке өзү таанышып: «Жакшы жумуш, кесиптештер. Рынокту санариптештирүү процессин баштагандыгыбызга кубанычтамын. Мен, Visa жана New Market Technologies менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюуну жактырам. Баарыбызга ийгилик!» деди.

Санарип платформасында бүтүндөй базар боюнча аналитикалык маалыматтар камтылган. Мындай ыкма каржы институттарынын Дордой базарына дароо эле кирип, кардарларга жекелештирилген сунуштарын берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бардык каржы институттары New Market Technologies менен келишимдик мамилелердин негизинде санарип платформасына кошула алышат.

Мындан тышкары, Visa инновациялык жана коопсуз төлөм чечимдерин ишке ашырууга жардам берет. Мисалы, төлөмдөрдү QR код аркылуу төлөө, накталай эмес инфраструктураны кеңейтүү жана Visa Tap to Phone технологиясы аркылуу байланышсыз төлөмдөрдү кабыл алуу. Бул кошумча жабдуулары жок байланышсыз төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн NFC модулу бар Android смартфонун POS-терминалга айландырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле кызматташтыктын алкагында ишке ашырыла турган чечимдердин катарында: Visa Token Serviseтин жардамы менен карталарды санариптештирүү (диджиталдаштыруу) жана маалыматтарды дагы ишенимдүү коргоо, Visa business cardsдын жардамы менен чакан жана орто бизнес үчүн актуалдуу сервистерди жана өнүмдөрдү ишке киргизүү, Visa Direct кызматы аркылуу тез жана коопсуз төлөмдөрдү жана акча которууларды жүргүзүү, унаа токтоочу жайга төлөө үчүн санариптик жана транспорттук чечимдер жана башка инновациялык өнүмдөр жана чечимдер.

«Дордой» Ассоциациясы жөнүндө

«Дордой» Ассоциациясы тейлөө чөйрөсү, өндүрүш, кайра иштетүү, логистика, соода, билим берүү, медицина, айыл чарба жана социалдык маанилүү демилгелер сыяктуу тармактарда ийгиликтүү иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын ири компаниялары менен уюмдарынын бирикмеси. 30 жылдык үзүрлүү ишмердүүлүгүндө «Дордой» ийгиликтүү бизнесмендерди жана ишкерлерди өстүрүү менен гана чектелбестен, ички инвестициялардын негизги булагы болуп калды. Ошондой эле, «Дордойдун» ишмердүүлүгү Кыргызстандын экономикасынын 18 тармагын жана багыттарын өнүктүрүүгө салым кошууда. Дүйнөлүк Банктын изилдөөлөрүнө ылайык, Дордой Ассоциациясынын өзөгүн түзгөн Дордой соода-базар комплекси Кыргызстанда ишке ашырылган эң ийгиликтүү социалдык-экономикалык долбоор деп табылган.   
Анын негиздөөчүсү жана Ардактуу Президенти коомдук ишмер жана меценат Салымбеков Аскар Мааткабылович болуп саналат, ал туруктуу негизде республиканын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген социалдык маанидеги жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашырып келүүдө.

 

New Market Technologies - жөнүндө

Dordoi TW ScoreX платформасындагы бардык өзгөчө укуктарга ээ болгон биргелешкен кыргыз-казак компаниясы. Уюштуруучулар: бизнес чөйрөсүнүн үч өкүлү: Салымбеков Ж., Бейшеналиева Н., жана А.Темирханкызынын башчылыгындагы "TrafficWave" ЖЧШсы (Жоопкерчилиги чектелген шериктештик).

 

Visa жөнүндө

Visa Inc. (NYSE: V) санариптик төлөмдөр боюнча дүйнөлүк лидер болуп саналат. Биздин миссия - керектөөчүлөргө, ишкерлерге жана жалпысынан алганда бүтүндөй экономиканын системалуу түрдө өнүгүүсүнө мүмкүндүк берген эң инновациялык, ишенимдүү жана коопсуз төлөмдөр тармагы аркылуу дүйнөнү бириктирүү болуп саналат. Биздин эң жаңы глобалдык технологиялык тармак VisaNet дүйнө жүзү боюнча коопсуз жана ишенимдүү төлөмдөрдү камсыз кылат жана секундуна 65000ден ашуун транзакцияны иштете алат. Visa компаниясы инновацияларга дыкат көңүл бурат, бул өз кезегинде дээрлик бардык туташкан шаймандар төлөмдөрдү жүргүзө алган шарттарда "байланышкан коммерциянын" (“connected commerce”) тез өсүшүнүн катализатору болуп саналат. Башкача айтканда бардык адамдар үчүн, бардык жерде - накталай эмес келечекке өтүү жакындоодо. Аналогдук технологиядан санарип технологияга өтүүдө Visa өзүнүн брендин, өнүмдөрүн, эксперттерин, ошондой эле сооданын трансформациясы үчүн өз тармагын жана масштабын  колдонот. Кошумча маалымат алуу үчүн сайтыбызга баш багыңыздар: usa.visa.com/about-visa, www.visa.com.kz, https://cis.visa.com/ru_TJ

Интервью

 

Жаңылыктар

Бизнес-форум: Түрк дүйнөсүнүн ишкер айымдары Стамбулда жолугушту

Кыргызстан - Корея: Бишкекте жаштыкты сактоо боюнча конференция өтөт

"Эко Деми" менен TSI таштанды чогултуу боюнча мектептер менен иштешет

Геологияны өнүктүрүү фонду фотосынактын жыйынтыгын чыгарды

БААУнун командасы эл аралык укук боюнча сынактын улуттук баскычын жеңди

"Эко Деми" проводит экологическую акцию вместе с ЕБРР

Дэвид Лахдир заложил капсулу времени в Makerspace Learning and Design Center of AUCA

Биздин айымдар: В Бишкеке прошел благотворительный форум

Приём заявок на стипендии Исполнительную программу по политикам и практикам развития

The Turkish clinic has signed an agreement with Dr. Osipova

Турецкая клиника подписала договор с доктором Осиповой

УРА! НОВОГОДНЯЯ ПРАЗДНИЧНАЯ ЯРМАРКА В БИШКЕКЕ!

ТПП КР: В Бишкеке пройдет новогодняя выставка-ярмарка

ORO EXPO: Көргөзмөдөгү зер компаниялары менен маек

БУУ Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүн өз календарына кошту - Чыныбаева

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2