2025-01-04
Түрмөк
Айнура Темирханкызы: Dordoi TW ScoreX - бул рыноктук операцияларды автоматташтырган платформа
Бүгүн Hyatt Regency Bishkek отелинде «Дордой» базарын санариптештирүү боюнча долбоордун презентациясы өтүүдө. Аталган иш-чарада New Market Technologies компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Айнур Темирханкызы «Булжылдыкжүгүртүүсү 3 миллиарддолларданашканбазарүчүнмындайдеңгээлдегибиринчисанариптикдолбоор», - деп билдирди.
Ал: «Бул жылдык жүгүртүүсү 3 миллиард доллардан ашкан базар үчүн мындай деңгээлдеги биринчи санариптик долбоор. Dordoi TW ScoreX - бул рыноктук операцияларды автоматташтырган жана бизнес-ишкерлерге банктардан жекелештирилген насыя сунуштарын мессенжерде түздөн-түз алууга мүмкүнчүлүк түзгөн платформа. Бул платформа базардын өзүнө соода катарлары жана контейнерлер бөлүмдөрүндөгү акча агымдарын натыйжалуу башкарууга жана долбоордун өнөктөштөрү үчүн кардарлардын базасын сегменттөөгө мүмкүндүк берет. Платформа ошондой эле ар бир кардар үчүн тобокелдиктерди алдын-ала эсептөө жана прескоринг боюнча контейнер ээлеринин (контейнер ижарачыларынын) рейтингин камтыйт. Мунун бардыгы бизнести өнүктүрүүгө, туруксуздук шарттарында ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана колдоого өбөлгө түзөт», - деп белгилеп өттү.