2025-01-04
Түрмөк
Назира Бейшеналиева: «Dordoi TW ScoreX» санарипик экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт
Бүгүн Hyatt Regency Bishkek отелинде «Дордой» базарын санариптештирүү боюнча долбоордун презентациясы өтүүдө. Бул платформанын «Дордой» базарынын ишкерлери үчүн маалыматтык негиз болоору айтылууда.
Бул боюнча долбоордун демилгечиси жана New Market Technologiesдин негиздөөчүлөрүн бири Назира Бейшеналиева: «Санарип платформалары, аралыктан кызматтарды алуу – бул, дүйнөдөгү эң актуалдуу тренддердин бири. Чындыгында, түзүлгөн санариптик платформа чакан жана орто бизнеске каржылык кызмат көрсөтүүлөрдү тездетет, бул накталай эмес жана санарипик экономиканын өнүгүшүнө шарт түзөт. Бул платформа «Дордой» базарынын ишкерлери үчүн маалыматтык негиз болот. Биздин көз карашыбыз боюнча, бул технологиялык чечим иш кагаздарын жана каржы институттары тарабынан өз кызматтарын көрсөтүү мөөнөттөрүн кыскартат, ошондой эле төлөмдөрдүн саны да көбөйөт», - деп билдирди.