AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кайрылуу жасады

 Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 24-март элдик революция күнүнө карата кайрылуу жасады, - деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Төмөндө кайрылуу сөзү:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Бүгүн Март элдик революциясынын күнү. 2005-жылдын 24-мартындагы окуялар эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң орчундуу окуя катары эсте калды. Бийликке нааразы болгон жарандарыбыз ошол күнү өлкөнүн бардык булуң-бурчунан агылып келип, ордо калаабыздын тургундары менен чогуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну, Президенттин бийликтен кетүүсүн талап кылышты.

Кыргыз элинин бул күнү революцияга белсенип чыгуусуна бир катар терс көрүнүштөр, атап айтканда, адилетсиз бийлик менен мыйзамсыздыктын, үй-бүлөлүк башкаруунун орнотулушу менен жеке кызыкчылыктын мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу себеп болду.

Кыргыз эли — байыртадан эле эрки күчтүү, кайраттуу, адилетсиздикке эгерим моюн сунбаган эл. 30 жылдык эгемен жашоосунда өлкөбүз кандай гана окуяларды баштан кечирген жок! Саясий толкундоолор менен коронавирус пандемиясы, оор жоготуулар менен экономикалык кыйынчылыктар сыяктуу оорчулуктарга карабастан, саясий эркиндикке жана демократияга умтулуу мүдөөсүн моюбай сактап келет.

Урматтуу калайык журтум!

Биздин алдыбызда Кыргызстанды өнүккөн өлкөгө айландыруунун максаты турат.

Өлкөбүздө стабилдүүлүк үстөм болуп, мыйзамдар аткарылып турса, мамлекетибиз сөзсүз өнүгүү жолуна түшөт. Ал үчүн жарандарыбыз жапа тырмак аракеттенип, алган багытыбыздан тайбайлы.

Элибизде ар дайым биримдик, ынтымак-ырашкерлик, жергебизде тынчтык болсун!»

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2