AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Төрага Талант Мамытов Чүй мектеп-интернатына барды

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Чүй районунун Жаңы-Жол айылында жайгашкан Жетим жана ата-эненин камкордугунан калган балдардын Чүй мектеп-интернатына барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

162435769_3963019630427665_996164743516460475_o.730x400.jpg

Сапардын алкагында Талант Мамытов Нооруз майрамын утурлай уюштурулган "Менин ийгиликтүү келечегим" аталышындагы фестивалга катышты. Ошондой эле "Нурлуу кыздар" фондунун колдоосу менен жаңы ачылган тигүүчүлүк өнөрканасынын иши менен таанышкан төрага "Чебер колдор" ийриминин катышуучулары менен жолугушуп, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн көрүп чыкты.

Мектеп-интернатынын жамаатын жана тарбиялануучуларын келе жаткан Нооруз майрамы жана тигүүчүлүк өнөрканасынын ачылышы менен куттуктаган Жогорку Кеңештин төрагасы: "Байыртан бабаларыбыз Ноорузду жаңы жылдын башталышы катары белгилеп, жакшы тилек, үмүттөр менен тосушкан. Ошондон улам майрамдын алдында балдардын жаңы өнөрлөрдү үйрөнүүсүнө өбөлгө түзчү, келечегине керектүү болгон бул борбордун ачылышы жакшы жышаан", - деди. Муну менен катар ар бир баланын шык-жөндөмүн ачып, чыгармачылыгынын өнүгүшүнө зор салым кошуп келе жаткан тарбиячылар менен агартуучуларга, "Нурлуу кыздар" фондуна ыраазычылык билдирди.

Андан сырткары, мамлекет республикабыздын бардык аймактарындагы ушундай мекемелерге керектүү колдоолорду көрсөтүшү керектигин белгилеген Талант Мамытов: "Менин иш сапарымдын алкагында окуучулар менен жолугушуп, жаңы өнөркананын иши менен гана таанышпастан, мекеменин көйгөйлөрүн билүүнү көздөп келдим", - деди.

Өз кезегинде Чүй мектеп-интернатынын директору Назгүл Мусаева 1956-жылы курулган имараттар азыркыга чейин капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлбөгөнүн маалымдап: "Азыркы тапта окуу корпусун, спорттук залды, откананы, жылытуу жана энергетика системасын толук оңдоо, мончо куруу жана короону тосуу зарыл болууда" - деди. Ошондой эле китептер, окуу куралдары жана эмеректер да жетишсиз экенине токтолду.

Ал эми төрага Талант Мамытов билим берүү тармагын өнүктүрүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп, айтылган маселелерди чечүү үчүн бардык тиешелүү чараларды көрөрүн кошумчалады.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2