2024-12-22
Түрмөк
Глобалдык жылуулук: Эвересттин бооруна өсүмдүк өсө баштады
Британиялык климатологдор Эвересттин акыркы 20 жылда спутниктен тартылган сүрөттөрүн талдап көрүп, жашыл аянттар кеңейип, кыйла жогору карай жайылганын аныкташты. Маалыматка караганда, тоонун 5500 метр бийиктигинде өсүмдүк өсө баштаган.
Окумуштуулардын айтымында, жашыл аянттардын көбөйүшү менен чокудагы мөңгү бат ээрий баштайт. Эвересттеги мөңгүлөрдүн ээриши 2016-жылга караганда эки эсеге көбөйгөн. Ал эми температура мурдагыга караганда 4-9 градуска жылуу болууда. Окумуштуулар XXI кылымдын ортосуна барып, альпы тоолорундагы мөңгүлөрдүн 45% ээрип кетет деп эсептешүүдө.