AUCA the best 2

2026-02-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Кыргызстан менен Өзбекстан маданият тармагында кызматташат

2021-жылдын 10-мартында Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен Өзбекстан Республикасынын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет.

159336865_4057371537619239_5978160194734499283_o.jpg

Жолугушууда эки мамлекетте үзгүлтүксүз өткөрүлүп турган эл аралык маданий иш-чараларга Кыргызстан менен Өзбекстандын маданият жана искусство кызматкерлеринин жигердүү жана мыкты катышып жаткандыгы үчүн бири-бирине ыраазычылыктарын билдиришти.

Тактап айтканда, министр Кайрат Иманалиев өзбек артисттеринин оюндарына суктанып, алардын жогорку даярдыгын жана Өзбекстандагы фестивалдарды мыкты уюштургандыгын белгиледи.

Өзбекстандын маданият министринин орун басары Олимжон Мирзаев көрүнүктүү казак акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына карата юбилейлик иш-чараларга катышууга чакыруу бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирип, иш-чаралардын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгиледи.

Министр Кайрат Иманалиев Кыргызстандагы өзбек маданияты канчалык жогору бааланып, популярдуулукка ээ болуп жаткандыгына токтолуп, ырларга жана тасмаларга токтолуп, көптөгөн белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрү Ташкенттеги көркөм сүрөт окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрү болгонун баса белгиледи.

Министрдин орун басары Олимжон Мирзаев Өзбекстандын маданият тармагындагы жетишкендиктери жөнүндө кыскача айтып, виртуалдык чөйрөнүн айнектериндеги спектаклдерди жана башка театрлаштырылган оюн-зоокторду көрүү үчүн 3D технологияларын киргизүү боюнча көз карашы менен бөлүштү.

Сүйлөшүүнүн жана пикир алмашуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн министрликтеринин өкүлдөрү ушул жылга пландаштырылган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды өткөрүүдө тыгыз өз ара аракеттенүү жана кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Интервью

 

Жаңылыктар

Конкурс по международному праву имени Филипа Джессапа

Айбек Бакытбеков: вернулся к себе и к настоящей музыке

БААУ менен таанышуу: Ачык эшиктер күнү

12-январь кинорежиссёр Болот Шамшиевдин жарыкка келген күнү

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2