AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Өзбекстанда айтматов таануу илими пайда болду

Өзбекстанда жаңы илим – айтматов таануу пайда болду, ондогон изилдөөчүлөр улуу жазуучунун чыгармалары боюнча илимий изилдөө жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу “Айтматовдун чыгармалары өзбек окумуштууларынын изилдөөсүндө” аталышындагы тегерек столдо Ч.Айтматов академиясынын академиги, “Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан” туруктуу көргөзмөсүнүн директору, белгилүү өзбек публицисти Ахмаджон Мелибоев билдирди.

ayt_un_med_730x400.730x400.jpg

Анын айтымында, улуу жазуучу жана коомдук ишмер Ч.Айтматов кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк тилдүү өлкөлөрдүн, анын ичинде өзбек элинин сыймыгы. Ч.Айтматов аймактын тынчтыгы, анын өнүгүп-өсүүсү, элдердин ортосундагы тилектештикти жана достукту бекемдөө үчүн жанын аябастан эмгек кылган, аларды тышкы коркунучтардан жана чакырыктардан коргогон.

“Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин тарыхында жаңы доор башталып жаткан ушул күндөрдө Ч.Айтматовдун өлбөс-өчпөс көркөм мурасы биздин элдер учун маанилүү жол көрсөткүч болуп калат. Анын гуманизм жана жакшылык идеяларын, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды, ар башка улуттардын жана элдердин өз ара урматтоосун жана тилектештигин чыңдоого багытталган шедеврлери эч качан актуалдуулугун жоготпойт”,-деди А.Мелибоев.

Өзбекстандын улуттук университетиндеги “Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан” туруктуу көргөзмөсү 2018-жылы президент Шавкат Мирзиёевдин атайын жарлыгы менен улуу жазуучунун 90 жылдык мааракесине арналып түзүлгөн.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2