AUCA the best 2

2025-12-25

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Жапаров менен Мишустин кызматташуу багыттарын талкуулашты

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

101766.730x400.jpg

Күн тартибиндеги эки тараптуу артыкчылык берилген багыттар, анын ичинде Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык маселелери талкууланды.

Россия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин эки тараптуу мамилелерди мазмундуу жаңы деңгээлге чыгарып, жаңы долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экендигин белгиледи.

Ал учурда Өкмөт аркылуу коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы биргелешип күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын, бул Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга өбөлгө түзгөнүн баса белгиледи.

Михаил Мишустин Россия Кыргызстандын тышкы соода боюнча алдыңкы өнөктөштөрүнөн экенин, коронавирус инфекциясы пандемиясынын кесепетинен улам төмөндөп кеткен соода байланыштардын мурунку деңгээлин биргелешкен күч-аракеттер менен калыбына келтирүүгө болорун билдирди.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Россиянын өкмөттөр аралык комиссиясынын, ошондой эле Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусунун алгылыктуу иштерине токтолду.

Россиянын Өкмөтүнүн төрагасы Кыргызстан менен мындан ары натыйжалуу кызматташууга даярдыгын айтты.

Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантуу жөнүндө келишимге жетишилгендигин билдирди.

Садыр Жапаров пандемия учурунда гуманитардык, каржылык жана техникалык жардам түрүндө көрсөткөн колдоосу үчүн Россия Өкмөтүнө ыраазычылыгын айтты.

Ал Кыргызстан менен Россияны маданий, тарыхый жалпылыктар гана эмес, ошондой эле жаңы саясий, соода-экономикалык алакалар байланыштырып тургандыгына токтолуп, буга байланыштуу эки мамлекеттин ортосундагы бардык потенциалды толук ачып берүүгө умтуларын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар, айрыкча, соода-экономикалык кызматташтык деңгээлин жогорулатууга даяр экендиктерин билдиришти.

Интервью

 

Жаңылыктар

Ташкенттеги конгрессте Усман ибн Аффандын Кураны көрсөтүлдү

БА өлкөлөрү жана Азербайжан медиа багытында кызматташат

Айтматов цивилизациялардын өз ара түшүнүшүүсү жөнүндө жазган - Иманалиев

Биримдик менен гана улуттун иденттүүлүгүн сактап калабыз - Иманалиев

Ташкентте алты мамлекеттин башын бириктирген конгресс башталды

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2