2024-12-28
Түрмөк
Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылды
Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу күч структураларындагы булактар кабарлашты.
Райымбек Матраимовдун эмнеге ооруканага жаткырылганы азырынча белгисиз. Буга чейин ал кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбордун өкүлдөрүнө кан басымынын жогорулаганы боюнча айткан.
"Ага УКМКнын СИЗОсунун медициналык кызматынын дарыгерлери медициналык жардам көрсөтүшүүдө. Матраимовдун өзү кан басымынын көтөрүлүшүн бөйрөк оорулары менен байланыштырат. Ага азырынча тышкы жардамдын кереги жок", - деп билдирген улуттук борбордун өкүлдөрү 22-февралда.
Эске салсак, 2020-жылдын 20-октябрында Бажы кызматынын төрагасынын экс-орунбасары Райымбек Матраимов УКМК тарабынан кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, Матраимов өзүнүн кылмыштуу аракеттери менен республиканын бюджетине 2 миллиард сом өлчөмүндө зыян келтирген.
19-февралда аны колдогон митинг УКМКнын имаратынын жанында болуп, андан кийин катышуучулар Биринчи Май райондук сотунун имаратына жөө жүрүш кылышкан.