AUCA the best 2

2024-12-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

"Динамо Жалал-Абад" Эл аралык турнирде мыкты жыйынтык көрсөттү

21-февралда Бишкекте "Газпром" спорттук ден-соолукту чыңдоо комплексинде (ФОК) "Мен патриотмун" деген ураандын астында Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө арналган армия арасында кол күрөш боюнча I Эл аралык турнир болуп өттү. 

6.730x400.jpg

Аталган турнирге Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын курама командалары, укук коргоо органдары, Кыргызстандын алты дубанынан келген клубдардын курама командалары катышты.

Чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештердин жыйынтыгында төмөнкү спортчулар жеңүүчү болду:
- 60 кг салмак категориясында - Максат Черикбаев;
- 65 кг салмак категориясында - Рустам Ибрагимов;
- 70 кг салмак категориясында - Жалилов Арген;
- 75 кг салмак категориясында - Асранкулов Байыш;
- 80 кг салмак категориясында - Жуматаев Бекнияз;
- 85 кг салмак категориясында - Шабданбаев Ыктыяр;
- 90 кг салмак категориясында - Тайлаков Нурсултан;
- 90 + кг салмак категориясында - Жаныбек уулу Турарбек.

153985022_284075349725957_4076299376017316440_n.jpg

Биз бүгүн "Динамо Жалал-Абад" спорт клубунун машыктыруучусу Замирбек Раев жана мелдеште байгелүү орундарды багындырган жогоруда аты аталган спортчулардан кыскача маек алдык.

ЗАМИР РАЕВ - “Динамо” спорт клубунун башкы тренери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу: Келечекте спорт аркылуу Кыргызстандын желегин бийиктерге желбиретсек деген аруу тилектерибиз бар

0-0--0-0-0-0--0-0-0-0ДИНАЖЖЖ.jpg

Саламатсызбы, Замир мырза? Алгач Бишкекте өткөн мелдеш боюнча айта кетсеңиз.

Бишкекте өткөн бул эл аралык мелдеш Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө арналды. Орусия, Казакстан, Өзбекстан ж.б өлкөлөрдөн да спортчулар келди. Жалпы 17 команда жана 240 спортчу катышты.

Динама спорт клубунан канча спортчу келди?

Биздин командадан 20 спортчу келди. Андан 5 балабызга атайын сыйлыктар ыйгарылды, 2 спортчубуз чемпион, 2 спортчубуз экинчи оорунду жана 1 спортчубуз 3-орунду алды.

Бүгүнкү күндө «Динама» спорт клубунда канча спортчу машыгып келет?

Бул клубда учурда 300дөн ашуун бала машыгып жатат. Шартка байланыштуу мелдешке 20 эле балабыз келди.

Бүгүнкү мелдеште жеңүүчү болгон эки спортчу жөнүндө айта кетсеңиз?

75 кг салмакта таймашкан Байыш Асыранкуловдун атаандашы дүйнөлүк деңгээлдеги спортчу болчу. Байыш Асыранкулов аны жарым финалда муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишти. Нурсултан Тайлаков Азия оюндарынын жеңүүчүсү 90 кг салмакта катышты. Баардыгы калыстардын чечими менен жеңүүчү аталышты. Спортчуларыбыз татыктуу, жакшы күрөш көрсөтө алды деп ойлойм.

Алдыда жакынкы аралыкта кандай турнерлер бар?

Жакын арада өтө турган самбо жана күжүрмөн самбо боюнча март айында өтө турган мелдешке даярдыктарды көрүп жатабыз. Балдарыбыз ошол мелдештерге даяданышууда. Буюрса ошол мелдеште татыктуу күрөшүп, дүйнөлүк чемпионаттарга чыгууну пландап жатабыз. Келечекте спорт аркылуу Кыргызстандын желегин бийиктерге желберитсек деген аруу тилектерибиз бар. Өлкөнүн намысын эл аралык мелдештерде татыктуу коргой турган жаш муундарды өстүрүү, аларга багыт көрсөтүү биздин негизги максатыбыз жана милдетибиз деп эсептейм.

-0--0-0-0-0-0-0-0-счспо.jpg

Бишкекте өткөн мелдеште «мыкты машыктыруучу» деген грамотага татыктуу болдум. Бул дагы болсо биздин эмгегибиздин үзүрүнүн кайтышы жана эмгегибиздин бааланышы деп эсептейм. Буюрса кыргыз спорту үчүн өз салымыбызды кошо беребиз.

БАЙЫШ АСРАНКУЛОВ - спортчу, 75 кг салмакта жеңүүчү: Менин эң чоң ийгилигим ушул мелдеште биринчиликти багындырганым болду

8393fe0b-52a7-490d-aae7-01f4c94ae6cf_1.jpg

Байыш мырза алгач өзүңүз жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?

Мен 1993-жылы төрөлгөм. Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунан болом. Спортко аралашып баштаганыма быйыл 7 жылдын жүзү болду. Ошто юридикалык факультетте окуп жүргөн убактарда «Алыш» белбоо күрөшү боюнча машыктыруучу Акжол Анарбаев агайдын колунда тарбияланып, машыгып жүрдүм. Акыркы 2 жылдан бери Билал агайдын колунда машыгып келе жатам. Азыркы убакта «Шумкар» атайын полкунда иштеп жатам.

Мындан башка дагы кандай мелдештерге катышкансыз?

Менин эң чоң ийгилигим ушул болду десем болот. Буга чейин чакан мелдештерди жеңип келгем. Буюрса бул жеңишим мага чоң стимул болду. Буюрса баары алдыда.

Келечекте кандай пландарыңыз бар?

Келечекте дагы да мыкты ийгиликтерди багынтып, дүйнөлүк мелдештерде өлкөбүздүн намысын коргогум келет. Буюрса 5-мартта самбо боюнча беттешке даярданып жатабыз. Насип кылып биринчиликти багындырсам, өлкөмдүн желегин чет өлкөдө желбиретүүнү самайм.

НУРСУЛТАН ТАЙЛАКОВ - спортчу, 75 кг салмакта жеңүүчү: Мени ушул даражага жеткизген машыктыруучуларыма ыраазычылык билдирем

_0_0_0_рчрпвап.jpg

Нурсултан мырза өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз.

1993-жылы Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Өзгөрүш айылында төрөлгөм. Учурда Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алам. Алган билимим аркылуу өлкөгө пайдалуу иштерди жасасам дейм. Спорт менен машыгып келе жатканыма жалпысынан алып караганда 7 жылдын жүзү болду. Машыктыруучу Замирбек Раев агайдын колунда тарбияланып келе жатам. Буюрса спортто көптөгөн ийгиликтерди багындырдым. Мени ушул даражага жеткизген машыктыруучуларыма ыраазычылык билдирем.

Мындан башка дагы кандай мелдештерге катышкансыз?

2019-жылы Азия чемпионатына Индияга барганбыз, ал жактан 2 орунду камсыз кылгам. Ошол эле жылы Казакстанга барып Дүйнөлүк кубокко катышканбыз. Ал жактан 3 орунду алып, коло медаль тагынгам.

Спорттон сырткары эмне менен алектенесиз?

Учурда жогорку окуу жайда окуйм жана мындан тышкары Кыргыздын улуттук оюну болгон Көк бөрү да ойнойм. Негизи бош убакытымды колдон келишинче пайалуу өткөрүүгө аракет кылам.

Келечектеги пландарыңыз жөнүндө бөлүшө кетсеңиз?

5-6-мартта самбо жана күжүрмөн самбо боюнча мелдеш өтөт, ошого даядык көрүп жатабыз. Кудайым буюрса ошол мелдеште жеңишке жетишебиз деген максатыбыз бар. Учурда ошол мелдешке даярдык көрүп жатабыз. Андан тышкары спорт аркылуу өлкөмдүн намысын коргогум келет. Дүйнөлүк мелдештерде Кыргызстандын гимнин жаңыртуу эң чоң кыялым десем болот.

БАЙТЕМИР АКЫЛБЕК УУЛУ - спортчу, 65 кг салмакта экинчи орундун жеңүүчүсү: Мени ушундай командасына кошуп колдоо көргөзгөн жетекчилериме абдан ыраазымын

7.730x400.jpg

Өзүңүз жөнүндө кыскача маалымат айта кетсеңиз?

Мен Байтемир Акылбек уулу 1999-жылы Ош облусуннун Өзгөн районуна караштуу Чымкент айылында төрөлгөм. Менин балалык чагым ушул айылда өттү. Учурдан пайдаланып мени ушундай даражага жеткизген ата-энеме ыраазычылыгымды билдирем. 2006-жылы мектепке кирип, өзүмдөн улуулар менен окудум. Мектепти аяктаган соң Ош технологиялык университетинин Авто жолдор колледжине тапшыргам. Ал окуу жайды бүтүп 2018-жылы жигиттик милдетимди аткарып армияга барып мекениме кызмат кылып келдим. Армиядан келген соң агаларымдын жардамы жана колдоосу менен СОБРга жумушка орноштум. Учурда Юридикалык колледждин акыркы курсунда окуп жатам. Азыркы убакта жумуштан сырткары залга барып машыгып турам. Мени ушундай командасына кошуп колдоо көргөзгөн жетекчилериме абдан ыраазымын.

Мындан тышкары дагы кандай спорттун түрлөрү менен машыгасыз?

Буга чейин кыргыз күрөшү менен машыгып келгем. Областта өткөн мелдештерде жакшы ийгиликтерге жетишкем. Орун албай калган учурум боло элек, 1-2- орундарды алып келе жатам, кудайга шүгүр.

Келечекте кандай максаттарыңыз бар?

Буюрса алдыда дагы чоң мелдештерге даярдыктарды көрүп жатабыз. Ал эми бүгүнкү мелдештен 2-орунду камсыз кылып, азыркы убакта дем күч менен өзүбүзгө ишенип, жазгы мелдешке жаңы дем менен даярдык көрүүдөбүз. Буюрса өлкө чемпиондугун багынтып, Кыргызстандын намысын дүйнөлүк мелдештерде коргосом деп ниет кылып жаткан учурум.

БЕКТУР ИДИРИСОВ - спортчу, 85 кг салмакта экинчи орундун жеңүүчүсү: Азияда биринчи орунду багындырганымда өзгөчө толкундоо сезимдери болуп, көзүмө жаш келген

153985022_284075349725957_4076299376017316440_n.jpg

Бектур мырза кайсы жердин кулуну болосуз, алгач өзүңүз жөнүндө кыскача маалымат бере кетсеңиз?

Мен, Бектур Идирисов 1996-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ишкаван айылында төрөлгөм. Мектепти ошол айылда окуп, кийин 9-класстан кийин Ош гуманитардык-педагогикалык институтуна тапшырдым. Учурда Ошто юридикалык колледжде билим алып жатам. 2017-жылдан бери Замир агайдын колунда машыгып келе жатам. Негизи агайларымдын эмгектери аркылуу азбы-көппү ийгиликтерди багындырып келүүдөбүз.

Буга чейин кандай мелдештерге катышкансыз?

2019-жылы Азия чемпионатына барып биринчи орунду алгам. Ошол эле жылы дүйнөлүк кубокто күмүш медалды багындырдым. 2020-жылы да самбо боюнча дүйнөлүк мелдештен 3-орунду алдым. Жаңы эле өткөн Бишкектеги мелдеште травмама байланыштуу толук кандуу күрөшө албадым, буга байланыштуу экинчи орунду алып калдым десем болот. Мындан тышкары көптөгөн чемпионаттардын баш байгелеринин ээсимин.

Спорттун дагы кандай түрлөрү менен машыгасыз?

Самбодон башка WEF жана MMAга чыгып күч сынап жүрөм. Буюрса ийгиликтер жакшы эле, утула элекпиз бүгүнкү күнгө чейин.

Келечекте кандай максаттарыңыз бар?

Самбо боюнча чемпионатта эң негизгиси алдыңкы орунду алуу. Эгер ошону утсак буюрса дүйнөлүк мелдешке чыгабыз. Ошондуктан бул мелдеш өтө маанилүү десем болот. Бизди ушундай даражага жеткизген ата-энеме машыктыруучуларыма чоң рахмат. Алар бизди дайыма колдоп келгени үчүн ийгиликтерге жетип жатабыз. Келечекте дүйнөлүк чемпионаттарда өлкөмдүн желегин желбиретсем дейм. Башка өлкөдө Кыргызстандын желегин желбиретүү бул өзүнчө сезим десем болот. 2019-жылы Азияда биринчи орунду багындырганымда өзгөчө толкундоо сезимдери болуп, көзүмө жаш келген. Буюрса мындан кийин да өлкө намысын татыктуу коргоого аракет кылабыз.

БЕКБОЛСУН КЕРИМБЕКОВ - спортчу, 90+ салмакта үчүнчү орундун жеңүүчүсү: Буюрса өз катачылыктарыбыздын үстүндө иштеп, кийинки мелдештерде мыкты жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылабыз

239acdec-09ab-42d4-b9bd-d8977033e90d_1.jpg

Алгач өзүңүздү тааныштырып, өмүр таржымалыңыз жөнүндө кыскача маалымат бере кетсеңиз?

Мен, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айылында 1996-жылы жарык дүйнөгө келгем. Орто мектепти айылыбыздан бүткөн соң 2016-жылы армияга барып, ата-мекениме кызмат кылып кайттым. 2017-жылдан баштап атайын багыттагы полкто иштеп келе жатам. 2018-жылдан тартып Замир агайдын колунда машыгып келе жатам. Бишкекте өткөн мелдеште кээ бир себептерден улам 3-орунду алып калдым. Буюрса өз катачылыктарыбыздын үстүндө иштеп, кийинки мелдештерде мыкты жыйынтык көрсөтүүгө аракет кылабыз. Кудай буюрса алдыда жакшы максаттарым бар. Дүйнөлүк мелдештерге чыгып, кыргыз желегин бийиктерге желбиретип, кыргыз элимди дүйнөгө таанытсам дейм.

Самбодон башка дагы спорттун кайсы түрү менен машыгасыз?

Буга чейин мектепте окуп жүргөн кездеримде алыш күрөшү менен машыгып келгем. Бир нече жеңиштерим жана жеңилген күндөрүм да болду. Айылдардагы тойлордо күрөшүп жүрчү элем.

Самбо боюнча дагы кандай мелдештерге катышкансыз?

Былтыркы жылы ата-мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулган Баткендеги эл аралык мелдеште биринчи орунду багындыргам. Андан сырткары самбо боюнча мелдеште 3-орунду алгам.

Келечекке болгон паландарыңыз?

Буюрса ушул жазда, тагырагы март айында боло турган мелдеш үчүн такай машыгууларды өткөрүп жатабыз. Кыргызстанда биринчиликти багындырып, Азиялык жана дүйнөлүк мелдештерге катышып, Кыргызстандын желегин желбиретсем дейм. Андан тышкары жеке жашоомдогу максатым ЖОЖду бүтүрүп, мыкты офицер болуп мекениме кызмат кылсам дейм. Учурдан пайдаланып агайларыма жана жалпы машыктыруучуларыма ыраазычылык билдирем. Алардын камкордугу жана аракети менен ийгиликтерге жетип келе жатабыз.

Бизге убакыт бөлүп, маек бергени үчүн "Динамо Жалал-Абад" спорт клубунун башкы машыктыруучусу Замирбек Раевге жана анын шакирттерине ыраазычылык билдиребиз! Алдыдагы мелдештерде албан ийгиликтерди каалайбыз!

“ДИНАМО” СПОРТ КЛУБУ ЖӨНҮНДӨ КЫСКАЧА МААЛЫМАТ:

0-0--0-0-0-0--0-0-0-0ДИНАМ.jpg

Жалал-Абад шаарында орун алган “Динамо” спорт клубун 2013-жылы милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков негиздеген. Спорт клуб түптөлгөндөн бери 7 жыл аралыгында Кыргызстандын, Азиянын жана Дүйнөнүн бир катар чемпиондору өсүп чыкты. 2013-жылдан бери “Динамо” спорт клубунан 500дөн ашуун спорттун мыктылары, Азиянын жана Дүйнөнүн чемпиондору тарбияланып чыкты. Азыркы кезде ар кандай курактагы 300дөн ашуун жаштар спорт клубда тарбияланып жатышат.

Дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды алган спортчулар да арбын. Алардын катарында Кожобеков Равшан, Кокумов Кубаныч, Адылбеков Асыл, Камилов Арслан, Токтомаматов Жусуп, Бекбердиев Нурисбек, Азималиев Руслан, Аттокуров Азат, Надырбек уулу Сыргак, Тайлаков Нурсултан, Мырзабаев Эмиль,Атыканов Мухтар, Манапбаев Кеңеш, Күкөмов Кубанычбек сыяктуу эр-азаматтар дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн намысын татыктуу коргоп келишүүдө.

KEREEZ MEDIA

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2