AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

КРдин медициналык ЖОЖдору Пакистандын "кара тизмесинен" чыкты

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги министр Алмазбек Бейшеналиевдин Пакистанга болгон иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

151685057_5033979863343536_6373476470111255966_o.730x400.jpg

Пакистандагы иш сапарынын алкагында министр Бейшеналиев Пакистан медициналык комиссиясынын президенти Аршад Таки мырза менен жолугушту.

- Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандагы медициналык окуу жайлардын айланасындагы маселе чечилди.

- Кыргызстандагы медициналык окуу жайлар Пакистан медициналык комиссиясынын А, В жана С тизмелеринде орун алып, аларды бүтүргөн Пакистандын жарандары Медициналык комиссиянын сынактарына тоскоолдуксуз кире турган болушту.

Тизмелердин түшүндүрмөсү:

● A - эл аралык, көз карандысыз аккредитациядан өткөн окуу жайлар;

● B - көз карандысыз аккредитациядан өткөн, бирок эл аралык аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;

● C - аккредитациядан өтө элек окуу жайлар;

Ал эми жаңы ачылган медициналык окуу жайлар министрдин талабы менен өзүнчө тизмеге киргизилет.

Жогорудагы тизмеделердеги медициналык окуу жайлардын баарына Пакистандын жарандары эч кандай тоскоолдуксуз тапшыра алышат.

Муну менен катар эки тараптын ортосундагы айырмачылыктардан улам чыккан маселелер комплекстүү каралып, КР Билим берүү жана илим министрлигинин койгон талаптарына ылайык чечилди.

Пакистандагы иш сапарынын алкагында Алмазбек Бейшеналиев Жогорку билим берүү боюнча комиссиянын төрагасы Тарик Банури менен жолугушуп, Кыргыз-пакистан илимий фондун түзүү тууралуу макулдашты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү министри Федералдык жана кесиптик билим берүү министри Шафкат Мехмуд менен жолугушту.

Кыргызстан жана Пакистандын ЖОЖдорунун ортосунда академиялык мобилдүүлүктү жайылтуу багытында иштер жүргүзүлмөй болду.

Тараптар билим берүү тармагындагы тажрыйбалар менен алмашууну макулдашышты. Пакистан тарап менен кесиптик-техникалык билим берүүнүн мамлекеттик стандартын иштеп чыгууда тажрыйба алмашуу жүрөт.

Ал эми Кыргызстан Пакистанга онлайн билим берүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшмөй болду. Пакистандын Федералдык жана кесиптик билим берүү министри жана Жогорку билим берүү комиссиясынын төрагасы Кыргызстандагы онлайн билим берүү жаатындагы жасалган иштерге жогорку баа беришти.

Ошондой эле Алмазбек Бейшеналиев Пакистандын саламаттык сактоо министри Файсал Султан менен жолугуп, Кыргызстанда окуп жаткан пакистандык студенттер тууралуу маек курду.

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2