AUCA the best 2

2025-11-06

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

Тажикстандын органдары 22 жаранды кармап кетти деген маалымат чындыкка дал келбейт

2021-жылдын 16-февралында Баткен районунун 3 тургуну, Кадамжай районунун 2 тургуну Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы аркылуу, Тажикстандын мал базарына барып, ТРнын Согди облусунун Кистакуз жерлигинен кармалган.
Алар жол таппай, адашып калып, мыйзамдуу өткөрмө чек ара бекетинен өтпөгөндүктөн, Тажикстан Республикасынын атайын кызматы тарабынан кармалган.

 152515756_225900295903729_6287395307065030795_n.jpg

Бүгүн 22-февралда кармалган жарандардын жакындары КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Омурбек Суваналиевге кайрылышты.
Ыйгарым укутуу өкүл, “учурда укук коргоо органдары тарабынан, кармалган жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын айтып, бүгүн облустун атайын өкүлдөрү менен кармалган жарандардын ата энеси Тажикстан Республкикасына барып, алардын абалынан кабар алып келүүсүнө шарт түзүлөөрүн билдирди.
Ошондой эле чек аралаш аймакта орун алган маселелерди, мыйзам чегинде, сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракеттер көрүлөөрүн кошумчалады.
Ошол эле учурда, ар кандай себептер менен, Тажикстандын аймагында кармалган жарандар Тажикстандын мыйзамдары боюнча жоп берүүгө туура келээрин, ал эми Кыргызстандын аймагында кармалган Тажикстандын жарандары, Кыргызстандын мыйзамдарынын чегинде жооп берүүгө милдеттүү экенин белгиледи. Албетте күнөөсү аныкталса.
Белгилей кетүүчү нерсе, КРнын мыйзамдарына ылайык, Баткен облусунун аймагынан, Тажикстан Республикасын аймагына өтүү үчүн 3 негизги мыйзамдуу чек ара өткөрмө бекети бар. Алар Лейлей районунда Кулунду жана Кайрагач, Баткен районунда Кызыл- Бел чек ара өткөрүү бекети.
Башка аймактан өтүү, чек ара мыйзамына ылайык, мыйзам бузуу болуп эсептелет.
Ошону менен бирге, чек аралаш аймактардагы жарандардын, атайын белгиленген транзит жолдордон өтүүсү каралган, ал мыйзам бузуу болуп эсептелбейт.
Ал жолдор Баткен районунун Көк-Таш, Таш-Тумшук, Ак-Сай, ТРнын Исфара-Ворух жолдору эсептелет.
КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы
 
 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2