2024-12-27
Түрмөк
Баткенде 22 кыргызды тажиктер барымтага алганы айтылууда - ВИДЕО
Эртең, 22-февралда Баткенде митинг болору айтылууда. Мындай маалыматты жергиликтүү тургундар WhatsApp аркылуу таратып жатышат. Маалыматка ылайык, 22 кыргыз жараны мал базарга кеткен бойдон келген эмес.
"Туугандар, 2021-жылдын 16-февраль күнү Баткен районунун 3 жараны Бурханов Сүйүндүк, Матираимов Саитбек жана Орозов Довлатбек Лейлек районунун мал базарына барып, мал алышып, кайтып келе жаткан жеринен Кыргызстандын территориясынан тажик тарап колго түшүрүп, Тажикстанга алып кирип кетишкен. Азыркы тагдырлары жөнүндө бир туугандары эч нерсе билишпейт. Аллахым бардык жамандыктардан сактап, бат эле өз мекенибизге, үй-бүлөсүнө, бир туугандарына эл-журтубузга аман-эсен келишсин. Мусулман бир туугандар! Баарыңыздар дуа кылыңыздар, суранабыз. АТА-ЭНЕСИ, БИР ТУУГАНДАРЫ мамлекетибизден жана элден жардам сурап атышат", - деп жазган Facebook колдонуучусу Мурадил Бабаев (текст оңдолду).