AUCA the best 2

2024-12-27

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Түрмөк

ЭКСТРЕМИЗМГЕ ЖАНА МЫЙЗАМСЫЗ МИГРАЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕНҮҮ КЫЗМАТЫНА 30 ЖЫЛ

КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлерин, ардагерлерин жана анын жетекиси полковник Жоробеков Жеңиш Мамаюнусовичти бүгүнкү ЭММКАКтын түптөлүшүнүн 30 жылдыгы менен KEREEZ.KG маалыматтык сайты жана «KEREEZ» аналитикалык журналынын жалпы жамаатынын атынан куттуктайбыз!

-0-0--0-0-0.jpg

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы 1991-жылдын 20-февраль күнү түптөлгөн. Бул кызмат -кылмыштардын бетин ачуу жана алдын алуу, экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга, киберкылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча иштерди алып барат.

Аталган кызмат жана анын аймактык бөлүктөрү улуттук, расалык, диний жек көрүүнү же кастыкты козутуу мүнөзүндөгү оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаган жүздөгөн кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүн бөгөттөөдө, ошондой эле экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы аймактык бөлүктөр менен бирге эсктремисттик жана террористтик кылмыштуулукка каршы аракеттенүү боюнча комплекстүү иш-чараларды ишке ашырып, өлкөнүн жана Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин тапшырмаларын, ведомстволор аралык жана эл аралык түзүмдөрдүн чечимдерин өз убагында натыйжалуу аткарылуусун камсыздап келет.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери менен ардагерлерин куттуктап, өздөрүнүн кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө, коомдук коопсуздукту сактоодо кошкон зор салымдары үчүн жана кызматында айырмаланган ыкчам кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин буйругу менен түзүмдүк медалдар, төш белгилер менен сыйлады.

Андан сырткары Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын Спорт комплексинде ЭММКАКтын түптөлүшүнүн 30 жылдыгына карата КР ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Жеңиш Жоробеков,  Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Медер Карабаев ж.б инсандардын катышуусунда футболдук мелдеш болуп өттү. Аталган мелдешке Ички иштер министрлигинен, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан жалпысы болуп 9 команда катышты. Мелдештин жыйынтыгында Ички иштер министрлигинин «ИИМ 2» командасы 1 - орунду багындырса, 2 - орунду УКМКнын 5-башкармалыгынын командасы жана 3 – орунду Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын командасы алды. Жеңүүчүлөргө атайын кубок, диплом жана медалдар ыйгарылды. Ошондой эле «мыкты чабуулчу», «мыкты коргоочу» жана «мыкты оюнчу» аталышындагы кубоктор берилди.

Футболдук мелдештин аягында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы, полковник Жеңиш Жоробеков сөз алып, спорттук оюндардын ынтымакты жана биримдикти чыңдоодо орду өзгөчө экенин белгилеп, жалпы катышуучуларды жана жеңүүчүлөрдү куттуктады. Андан сырткары экстремизмге каршы күрөшүүдө ИИМдин, УКМКнын жана Муфтияттын биргелешип аракеттенүүсү дагы да мыкты жыйынтыктарды берээрин билдирип, ал үчүн спорттук мелдештердин орду өзгөчө экенин, ушундай мелдештер аркылуу ынтымак жана биримдик чыңдаларын баса белгилеп өттү.

Биз дагы ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлерин, ардагерлерин жана анын жетекиси полковник Жоробеков Жеңиш Мамаюнусовичти бүгүнкү ЭММКАКтын түптөлүшүнүн 30 жылдыгы менен KEREEZ.KG маалыматтык сайты жана «KEREEZ» аналитикалык журналынын жалпы жамаатынын атынан дагы бир ирет куттуктайбыз! Сиздердин экстремизмди алдын алууда жана мыйзамсыз миграцияга бөгөт коюуда ордуңуздар өзгөчө! Урматтуу, Жеңиш Мамаюнусович, сизге жана жалпы жамаатыңызга албан ийгиликтерди каалайбыз!

КР ИИмдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бир жылдык ишмердүүлүгү:

2020-жылы КР ИИмдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы аймактык ички иштер органдары менен биргеликте диний экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча тиешелүү ыкчам алдын алуу жана иликтөө иш-чараларын жүргүздү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында КР аймагында ишмердигине тыюу салынган диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологияларын таратуунун 467 фактысы аныкталды. Аталган фактылар боюнча ички иштер органдарына 360 адам жеткирилип, алардан экстремисттик мүнөздөгү 1924 материал алынды. Диний экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын катарына тартылуунун алдын алуу, ага бөгөт коюу жана жол бербөө максатында калк, жогорку жана атайын орто окуу жайларынын студенттеринин, мектеп окуучуларынын арасында 4000ге жакын алдын алуу түшүндүрүү иш-чаралары лекция, семинар, тегерек стол, конференция түрүндө болуп өттү.

Алсак, 2020-жылдын январь-февраль айларында ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын, Нарын жана Талас ички иштер башкармалыктарынын демилгеси менен «Жаштар экстремизмге каршы» аттуу форум жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, жергиликтүү тургундардын, жалпысынан 1000дей адамдын катышуусунда өткөрүлдү.

Социалдык түйүндөргө мониторинг жүргүзүү учурунда экстремисттик жана террористтик мүнөздөгү 83 сайт жана 33 аккаунт аныкталып, алардын ичинен 38 сайттын жана 10 аккаунттун ишмердигине соттун чечиминин негизинде бөгөт коюлду. Социалдык медиадан экстремисттик, террористтик жана улут аралык кастыкты козутууну жайылткан 885 фото жана видео материалдар өчүрүлдү. Өз кезегинде “Фейсбук”, “Телеграмм”, “Одноклассники” социалдык тармактарына алдын алуу максатында 43 видеоматериал жүктөлүп, алар менен 750 миңден ашуун адам таанышып чыкты.

Мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 210 фактысы аныкталып, КР аймагында чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тарабынан эмгектик ишин жүзөгө ашыруу эрежелерин жана чет өлкөлүк жарандарды каттоонун тартибин бузуулар боюнча 9 чет өлкөлүк жаран, КРнын 1192 жараны, 130 юридикалык жак жоопкерчиликке тартылды жана аларга жалпы суммасы 2 млн сомго жакын айып салынды.

Интервью

 

Жаңылыктар

«Атбашы» соода-логистикалык борборунун курулушунун биринчи этабы аяктады

Түрк дүйнөсүнүн экономикасындагы аялдардын орду талкууланды

Түрк дүйнөсүнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу талкууланды

Женщины тюркского мира объединяются для экономического прорыва

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2