AUCA the best 2

2025-11-02

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Спорт

Кубан Атабеков: "Кыргыз боксунун өңү - Мунарбектин өңүндөй"

Белгилүү спорт баяндамачысы Кубан Атабеков Париж Олимпиадасында күмүш медаль тагынган боксчу Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу ою менен Фейсбук баракчасында бөлүштү. Анда ал бокс боюнча Олимптин сересине жол ачылганын жана ал чыйырды Мунарбек салганын белгилеген. 

"Мунарбектин мынчалык бийик учаарына адегенде ишеңкиребей тургандыгым чын. Кыргыз боксунун жогорку чеги чейрек финал болуп келгени да чын. Финалды жомоктой эле элестетчүмүн...башта эх, Нурлан Абдыкалыков азыр болсо кана, бирдин үстүнөн чыкпайт беле деген сезимдер ар Олимпиада сайын уялай бермейи эбак адатка айланган. Көрсө олимпиада, дүйнө чемпиондорунун өпкөсүн үзчү Н.Абдыкалыков өлбөптүр. Ортодон үч муун өтүп кеткени менен Мунарбек бул боштуктарды жылчыксыз бүтөп койду окшобойбу.

Ындыкара эки кубалык, бир америкалык мушкерди колдун кычуусун кандыра жүндөй сабаганы - далайга аңыз болуп айтылаары бар. Зыңк эткизе кулак түпкө койгон, үстү-үстүнө бастыра чапкан соккулары сая кетпей, каршылаштардын шүйүн качырганын кандай айтсак эми жараша берет. Кыргызда эркин күрөш эр жигиттин оюну деп коюшат. Эми болсо бокс - мырзалардын оюну десек куп жарашчудай, себеби буга Мунарбек Сейитбек уулунун таймаш жыйынтыгына карабай мырзалык калбаатынан жазбай тургандыгы айгине.
Эми дагы бир Мунарбектер чыккыча кыргыз боксунун жүзү Мунарбектикиндей болуп кала берээри талашсыз. Буюрса бокстан олимптин сересине карай жол ачылды, биринчи болуп чыйырды Мунарбек салды. Биринчи болуш эч качан кеч эмес экен көрсө..." - деп жазган Кубан Атабеков. 

Интервью

 

Жаңылыктар

Как Джамиля Джепбарова меняет швейную отрасль Кыргызстана

Рустам Балтабаев и его миссия помогать фермерам

Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары

Ученые Колледжа Бард Джонатан Бекер и Зарлашт Сармаст опубликовали статью о гражданской активности и вынужденных переселенцах

Demir Bank БААУнун жогорку класстарынын окуучуларына 25000 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берет

Demir Bank предоставляет стипендию в размере 25000 долларов США для студентов старших курсов АУЦА

Кыргызстан күрөштүн борборуна айланат - UWW Asia президенти

Азия на ковре: как континент меняет мировую борьбу

Кыргызстанда салттуу музыка боюнча эл аралык сынак болот

Реформалар жемишин бере баштады - Орунбеков

БААУ Azizi Group компаниясы менен өз-ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол койду

Бишкекте профессор Эдилбек Молдоевди эскерүү тегерек столу болду

В Бишкеке прошел круглый стол памяти профессора Эдильбека Молдоева

Манты из Кыргызстана покоряют Америку

“Беш Манты” Америка рыногун багындырууда

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2