AUCA the best 2

2024-10-18

Интервью

 

AUCA the best 2

AUCA the best 2

Саясат

Свердлов округу боюнча мандаттын тагдыры чечиле элек

Жогорку Кеңештин бир мандаттуу Свердлов шайлоо округунан депутаттык мандаттын айланасындагы кырдаал дагы эле бүдөмүк. Бир нече соттук отурумдар болуп, Шайлообек Атазов мандатынан ажыратылса да, акыркы чечим чыга элек. 

Окуянын чоо-жайы

2022-жылы Свердлов районундагы шайлоодо Абдурахман Муртазалиев жеңип чыккан. Бирок Муртазалиев шайлоочуларды сатып алды деген соттун чечиминен кийин, анын ордуна Жогорку Кеңешке Шайлообек Атазов депутат болгон. 

Үгүт иштерин жүргүзгөн эки аялдын көрсөтмөсүнөн кийин Муртазалиев жарыштан четтетилген: талапкер алар менен эч кандай мамилеси болгон эместигин билдирген. Кийин Свердлов райондук соту Муртазалиевдин бул аялдар менен байланышы жок экендигин далилдеген. 

Былтыркы жылдын ноябрь айында Атазовдун үгүтчүлөрү суракка чакырылганы белгилүү болду. Атазов болсо УКМКга суракка чакырылып, кийин соттолгон адамдар менен иштешпегенин билдирген. 

Муртазалиев 2024-жылдын 22-февралында Шайлообек Атазовго мандат берүү чечимин жокко чыгаруу жана өзүн шайлоонун жеңүүчүсү деп таануу өтүнүчү менен БШКга кайрылган. БШК бул кайрылууну кароодон баш тарткан соң, Муртазалиев сотко кайрылган. Үстүбүздөгү жылдын 6-март күнү сот Борбордук шайлоо комиссиясын Свердлов району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Муртазалиевди шайланган депутат деп таанып, 2022-жылдын 9-мартындагы чечимин жокко чыгарууга милдеттендирген. 

30-апрель күнү Жогорку соттун соттук коллегиясы талаш мандат боюнча чечимин чыгарган. 

Чечимдин резолюттук бөлүгүндө мындай деп жазылган: 

“Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 30-апрелиндеги аныктамасы менен Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы аныктамасы менен административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2022-жылдын 9-мартындагы №215 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер А. Муртазалиев, 2022-жылдын 25-мартындагы №35 "№29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө” токтомунун 2, 2-пункттары жокко чыгарылсын жана төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: “Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер А.Муртазалиевди каттоону жокко чыгаруу жөнүндө БШКнын 2022-жылдын 9-мартындагы №215 чечими жана БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун “№29 Свердлов бир манданттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө” 2-3-пункттары жокко чыгарылсын”. 

Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы аныктамасы, калган бөлүгүндө Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасы күчүндө калтырылды. Чечим дароо аткарылууга тийиш. 

БШК эмне кылды?

БШК Жогорку соттун чечимине комментарий бербей, жыйынга да дароо чогулган жок. Ушул аптада гана соттун чечиминин биринчи бөлүгүн - Шайлообек Атазовду мандаттан ажыратуу боюнча чечим кабыл алды. Ал эми мандатты Абдурахман Муртазалиевге өткөрүп берүү маселеси ачык бойдон калды. 

Негизи БШКнын чечими 24 сааттын ичинде жарыяланышы керек болчу. Муртазалиевге мандат берүү маселеси кийинкиге калтырылганын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов “Кактус медиа” сайтына билдирген.

Муртазалиевдин аракети

Өз кезегинде Муртазалиев БШКнын иши боюнча арыз менен Башкы прокуратурага кайрылган. Ал өз кайрылуусунда административдик соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенине карабастан, БШК сот актысын аткарбаганын көрсөткөн. Ал Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процессуалдык кодексинин 265-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, кассациялык соттун актылары жарыяланган учурдан тартып күчүнө кире тургандыгын, жана бул акыркы чечим экендигин, анын үстүнөн даттанууга болбой турганын билдирген. 

“Сот актыларын аткаруу боюнча БШКга бир нече жолу арыз менен кайрылып, аларды мыйзамда белгиленген тартипте БШКнын отурумунда карап чыгууну сурандым. Бирок БШК административдик чечимди аткара элек”. 

Муртазалиевди №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таануу жөнүндө БШКнын милдеттеринин бир бөлүгүн 2024-жылдын 1-мартындагы Бишкек шаарынын сотунун токтому менен кабыл алынганын арыз ээси түшүндүрдү. 

Ошондой эле БШК 7-майда кандай чечим кабыл алганы тууралуу маалымат мекеменин расмий сайтына илинген эмес. 

Арыз ээси Башкы прокуратурадан БШКнын аракетине (аракетсиздигине) укуктук баа берүүнү өтүнөт. 

Булак: Kaktus.media 

Интервью

 

Жаңылыктар

e-com EXPO: Открой мир возможностей электронной коммерции

Как субботники меняют мышление Кыргызстана. Интервью с Айжан Чыныбаевой

Какие изменения произошли в Американской торговой палате в Кыргызстане

Назира Бейшеналиеванын алты жылдагы алгылыктуу иштери

Ысык-Көлдө КМШнын жаш тескөөчүлөрүнүн сынагы болуп жатат

Мейкерспейс АУЦА – новое пространство для учёбы и творчества

БААУнун багыт алуу программасы - уникалдуу мүмкүнчүлүк

БААУнун президенти Тимоти О'Коннор жаңы окуу жылы менен куттуктады

БААУ: магистрдик билим ал (программалар)

Абай Бекбоев: “Кыргыз боксунда ийгиликтер арбын”

Кыргызстандык окуучулар бүткүл россиялык сынактын лауреаты аталды

БААУга тапшыруу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк - соңку сынактар ачык

АУЦА и Университет Аризоны предлагает летний курс

На Иссык-Куле прошел международный бизнес-форум ОТГ

Түрк мамлекеттер уюму Кыргызстанда эл аралык бизнес форум уюштурат

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2

AUCA the best 2